Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Ооганстандын түштүгүндө алты саатка созулган урушта Талибандын сексендей согушкери жок кылынды


Уруш Гильменд провинциясында болду. АКШ баштаган коалиция командачылыгынын билдиргенине караганда, согушкерлер кечээ провинциянын Муса Кала деген шаарынын жанында күзөттө жүргөн америкалык жана ооганстандык аскерлерди гранатомет жана автоматтан аткылашкан. Ушундан соң аскерлер авиацияны жардамга чакырышты. Уруш алты саатка жакын созулган. Коалиция командачылыгынын маалыматына караганда, уруш учурунда жөн –жай тургундар арасында чыгым болгон жок.

XS
SM
MD
LG