Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

15:15 Кылмышка тиешеси бар деген шек менен кармалган УКМКнын лейтенантына каршы кылмыш иши козголбойт


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө УКМКнын лейтенанты А. Идиновдун кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталды. Ушуга байланыштуу ага каршы кылмыш ишин козгоого негиз жок деп табылды. 23-октябрда Г. Газизов аттуу жигит аны белгисиз адамдар күч менен унаага салып, Байтик айылына алып барып токмоктоп, 1500 сомун жана чөнтөк телефонун алып койгондугу тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Милициянын оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар деген шек менен УКМКнын лейтенанты А. Идинов кармалган.(MSu)

XS
SM
MD
LG