Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Бириккен Улуттар Уюму талиптерди жана криминалдык топторду азык-түлүк ташыган кызматкерлерге кол салууну токтотууга чакырды


БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Том Кюнигстин маалыматы боюнча, ооган калкына зарыл болгон азык-түлүктү ташуучу кызматкерлер ар кандай чабуулдардын курмандыгы болуп калууда. Быйылкы жылы андай чабуулдан 34 кызматкер набыт болуп,76 адам барымтага алынган. Бул арада Ооганстанда кагылышуулардан 50 талип жоокери окко учканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG