Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Иракта өкмөт чет өлкөлүк күзөт фирмаларын кол тийбестик укугунан ажыратууну караган мыйзамды жактырды


Өкмөт өкүлүнүн билдиргенине караганда, аталган мыйзамга ылайык, мындай ишканалардын кызматкерлери жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиши жана курал алып жүрүүгө лицензия алышы керек. Документ эми парламенттин кароосуна берилет. Америкалык "Блэкуотер" ишканасынын күзөтчүлөрүнүн огунан быйыл сентябрда Багдадда 17 жөн-жай мерт болгондон бери бул маселе АКШ жана Ирак расмий өкүлдөрү ортосунда талашка түшүп түшүп келүүдө. Ирак өкмөтү ал күзөтчүлөрдү билип туруп эле ок чыгарганы үчүн айыпташкан. Ал эми америкалык маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Мамлекеттик департаменттин тергөөчүлөрү "Блэкуотер" компаниясынын күзөтчүлөрүнө соттук териштирүүдөн жарым-жартылай кол тийбестикти сунушташкан.

XS
SM
MD
LG