Барскоондо кечээ төкмө акындардын «Айтыш – 2007» фестивалы жыйынтыкталды. Натыйжада 5 миң доллар өлчөмүндөгү баш байге 24 жаштагы төкмө акын Азамат Болгонбаевге ыйгарылды. Биринчи орунга ошол эле курактагы Аалы Туткучев татып, ал 2 миң долларга ээ болду. Үчүнчү орунга болсо Жеңишбек Токтобеков (1000$), андан кийинки орунга Амантай Кутманалиев (500$) ээ болду. Үч күнгө созулган бул сынакка республика боюнча 26 төкмө катышты.(SM)