Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

13:35 Акыйкатчы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакырды


Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, Европа Бирлигине, ЕККУга жана башка эл аралык уюмдар менен саясий партияларга Кыргызстандагы чукул парламенттик шайлоого байкоочуларын жиберүү өтүнүчү менен кайрылганын бүгүн жарыялады. Ал эл аралык байкоочулардын келиши шайлоонун таза өтүшүнө негизги фактор болоорун, өлкөдөгү 2200 шайлоо участкаларынын ар бирине экиден байкоочу эсептегенде жалпысынан 4400 эл аралык байкоочу келиши зарыл деп эсептээрин билдирди. Акыйкатчынын пикиринде, парламенттик шайлоонун таза өтүшү өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес жапы Борбор Азиядагы саясий абалга жакшы таасирин тийгизет.(SM)

XS
SM
MD
LG