Укук коргоочу Деларам Алинин адвокаты билдиргендей, арбритраждык соттун соңку чечиминен кийин эми Деларам Али эки жыл төрт ай түрмөдө отуруп, ошондой эле 10 жолу камчы менен сабалышы керек. Али 2006-жылы аялдардын укугун тебелейт деп саналган мыйзамдарга каршы Тегеранда өткөн нааразылык акцияларына катышканы үчүн камалган эле.