Үй куруучулардын жашоо шарты менен жеринде таанышканы барганымда Аламүдүн районундагы Аларча суусун бойлой курулуп, бирок жергиликтүү бийликтин буйругуна ылайык түрттүрүлүп салынган токсон беш үйдүн ээлери дээрлик таштанды чукуп күн өткөргөндөр. Көбүнүн чиедей балдары бар экенине күбө болду. Ал жерден үй куруучулардын лидери Уулкан Чомоеванын билдиргенине караганда, убагында жергиликтүү бийлик ээлери бул жерди мыйзамдаштырып берүү туурасында өз убадасын берген менен соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Андыктан кээси бузулган тамдардын ордуна тигип алган чатырларда башпаанек кылып жатат. Ал эми учурда талашка түшүп жаткан жердин бир капталына кытайлык инвесторлордун көмөгү кыш заводу салына баштады. (JJ)