Бүгүн райондор аралык сотто Бишкек шаар кеңешинин кезексиз сессиясына барганда колдору буралып куулуп чыккан сегиз укук коргоочунун арызы каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочулар 31-октябрда шаар кеңешинин жыйынына байкоо салганы барышкан. Сессия жабык өтүп жатат деген негизде милиция кызматкерлери капыстан келген укук коргоочулардын колун бурап, мэриянын имаратынан чыгарып салышкан. Ал жыйында Нуржамал Байболованы шаардык кеңештин төрайымы кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган болчу. (EBM)