Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТА КҮРД ЖИКЧИЛДЕРИНЕ КАРШЫ АСКЕРДИК ОПЕРАЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ


Түркиянын өкүмөтү 28-ноябрда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө Түндүк Ирак чегарасын кесип өтүп, ал жерде баазаланган ПКК уюмуна каршы чабуул коюуга уруксат берген. Өкүмөт ошол эле кезде күрттөрдүн аталган жикчил тобун дипломатиялык жактан дагы курчоого алып, аны биротоло обочолонтуу максатын күткөн иш-чараларын да ургаалдаштырып жатканы байкалат.

Өлкөнүн түштүк чыгышында Ирак менен болгон чегара аймактарына 150 миң чамасы аскерин топтоштуруп, эки айдай мезгилден бери согушка даярдык көрүп келе жаткан армия өкүмөттөн мандат алары менен бирге 1-декабрда күнү Ирактын чегарасынын аркы жагына кесип өтүп, ПККнын 50 чамасы согушкерине чабуул койду. Армиянын штабынан берилген маалыматта, чабуулдун натыйжасында ондогон ПКК согушкерлери жок кылынганы билдирилди. Адегенде түрк аскерлеринин жасаган чабуулун тактабаган Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрт өкүмөтү кийин аны моюнга алды. Айрым серепчилер дагы билдирип келе жаткандай, Вашингтон администрациясы менен жетишилген келишимдин чегинде, АКШ тараптан берилип жаткан оперативдүү, так чалгын маалыматтардын негизинде жасалган бул алгачкы чегара сыртындагы операция Түркияда оппозициянын моокумун анча деле кандыра алган жок.

Оппозициядагы ЖХП менен МХП партияларынын жетекчилери жасалган чабуулду “күүсү кеткен көргөзмө чара” катары баалашса, айрым адистер 17-октябрда парламенттен мандат алган өкүмөт эмне үчүн 47 күн өтүп, чилде кыш кирип келгенде гана аскерлерге буйрук бере алганынын чечмелөө менен алек.

Өткөн ушул 45 күндүн аралыгында, АКШ жана ЕБ өлкөлөрүнө саякатка барып, Түркиянын ПКК ге каршы саясатын жетекчи чөйрөлөргө түшүнтүрүп берүүгө тырышкан премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган өзүнө айтылган сындоолорду таназарга албай, өлкөнүн күчтүү армиясы эмне кылаарын өзү сонун билерин айтуу менен топту аскерлердин аянтына ыргытты. Анын өкүмөтү ошол эле учурда, ПККны биротоло талкалаш үчүн, эл-аралык коомдук пикирде пайда болуп калган жагымдуу кырдаалдан пайдаланып, бүгүнгө чейин кызыл буллетин менен изделип келген, бирок бир катар Европалык өлкөлөр жана Иракта жашап жүргөн 50 адамдын өлкөгө өткөрүлүп берилүүсүн талап кылды. Дүйшөмбү күнү парламентте чыгып сүйлөгөн адилет министири Мехмет Али Шахин абдан катуу дипломатиялык кысымдарга карабастан Европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгү ПККнын мүчөлөрү болгон бул 50 кишини Түркияга өткөрүп беришпегенин айтып, Түркиянын талабын дагы бир жолу кайталады.

“Европалык өлкөлөр илгертеден Түркияда өлүм жазасын бетке кармап, кылмышкерлерди өткөрүп берүү жөнүндөгү Түркиянын талаптарын четке кагышчу эле. Эми өлүм жазасы алынып салынгандан соң, алар сиздер талап кылган кишилер бизден качкынчылык укугун сурашты. Алар эми саясий качкын деген статус алышты деп жатышат” ,-деп Евробиримдик өлкөлөрүн сынга алды Шахин мырза.

XS
SM
MD
LG