Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

08:42 «Ата мекендин» жактоочулары нааразылык акцияларын улантат


Парламенттик шайлоо тыянактарына нааразы «Ата мекен» партиясынын тарапкерлери бүгүн Ошто, Жалалабадда, Ысыккөлдө нааразылык чараларын уюштурганы жатышат. Ош шаарында ачкачылык акциясы улантылып, ага Карасуу жана Каракулжа райондорунан да нааразы шайлоочулар кошулаары кабарланды. «Ата мекендин» тарапкерлери ачкачылыкты партиянын облустук жана шаардык шатбдарында 18-декабрда башташкан. Демилгечилердин кабарында алардын саны сексенге чукул. «Ата мекенди» колдогон шайлоочулар парламенттик чукул шайлоонун тыянактарына ишеним көрсөтпөй, бир катар шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн эсебин кайра чыгарууну талап кылып жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG