Шаардык милиция бөлүмүндө отурган жаштарга президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун кирди. БШК алдына нааразычылыкка чыккан “Ата Мекен”, “Замандаш”, “ Жашылдар” партияларынын жана “Жебе”, “Дилгир”, “Эркин муун” жаштар уюмдарынын он беш чакты адамын тартип коргоо кызматкерлери мэриянын токтому боюнча ал жерде пикет өткөрүүгө болбойт деп түшкө маал кармап кеткен эле. Акция катышуучулары менен бирге Бишкек шаардык милиция бөлүмүндө укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Назгүл Турдубекова да отурат. (EKa)
14:57 “Мен ишенбейм!” акциясынын катышуучуларын милиция адвокатсыз түшүнүк кат жазууга мужбурлоодо