Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев 31-декабрда улуттук телерадиокомпаниясы аркылуу өлкө элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө 2007-жылы Кыргызстанда болгон экономикалык өсүштөр, саясаттагы бурулуштар тууралуу айтып, жаңы 2008-жылы бийлик тарабынан экономиканы көтөрүүгө, айыл-чарбаны, өнөр-жай тармагын жандандырууга чоң көңүл бурула тургандыгын белгилеп өттү. (AiJu)