Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

11:35 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө боюнча оперативдүү кеңешме өткөрдү


Бүгүнкү кеңешмеде өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев түштүктөгү жер титирөөдөн Ноокат, Карасуу райондорунда жана Ош шаарында 400 чукул үй жараксыз абалда калгандыгын, аларга тез арада жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле министр Карасуу районундагы Карасөгөт айылындагы үйлөрдүн 70 пайызы кыйроого дуушар болгонун, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогузбулак айылындагы үйлөрдүн 90 пайызы жашоого жараксыз экендигин белгиледи. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда 4-январда эртең менен саат сегизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы жылуу кийимдерди, тамак-аш азыктарын зилзаладан жабыркагандарга жеткирет. (AJ)

XS
SM
MD
LG