Өткөн жылдын 18-сентябрында кабыл алынган ал токтомдо “Конституциялык сот өз укуктарынан ашкере пайдаланып, мурдагы эки Конституцияны мыйзамсыз деп тапкан деген кине айтылган эле.
Жогорку Кенештин жаш депутаттарынын бири Алишер Мамасалиевдин пикиринде, бүгүн депутаттар туура чечим кабыл алышты. Сот бийлигине эч бир бийлик бутагы үстөмдүк көрсөтпөшү керек дейт ал.
- Баш мыйзым боюнча парламент сот бийлигине кысым жасаганга укугу жок. Депутаттар өз ишин жасабай, башка бийликке кысым жазаса, эмне менен бүтөөрү бизге айкын болду окшойт. Бүгүн токтомдун жокко чыгарылышы туура болду, сот бийлиги эч кимге көз каранды болбошу керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Баекованын айтымында, өткөн чакырылыштагы парламент өзүнүн укуктарын ашкере колдонуп, сот бийлигине кысым көрсөткөн. Ошондуктан бул токтом Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө жолтоо болуп келген. Ал эми Кабай Карабеков жаңы чакырылыштагы парламент саясий оюндарды токтотуп, Конституциялык соттун жолундагы тоскоолдуктарды жоюшу керектигин белгиледи.
“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо азыркы парламентте отурган адамдар эки Конституцияны жокко чыгарышканын, ал эми токтомду жок кылыш буларга оюн деле эмес экенин айтты.
- Конституциялык соттун мурдагы төрайымы ошол жерде отурса, вице-спикер болсо, Конституциялык сот ошол “Ак Жолдун” келишине жол ачып берсе, эмнеге жокко чыгарбасын. Мисалы, ошол токтомдо көрсөтүлгөндөй, иштебей эле, төрт жыл айлык алгандар тууралуу айтылган. Үч жок судьянын айлыгы кимге кеткени тууралуу да эсеп палатасына тапшырма берилген. Ушул парламент залында олтурган адамдар эки Конституцияны жокко чыгарышкан. Ал эми токтомду жок кылыш аларга оюн деле эмес.
Өткөн жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, Конституциялык соттун үч судьясынын ыйгарым укуктары жокко чыгарылган дагы, бийликтин бул бутагы ишмердүүлүгүн токтоткон.
Белгилүү саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ишениминде, Конституциялык соттун ишмердүүлүгүн токтотууга эч кандай себеп жок болчу.
-Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги, - үчөө тең мыйзамга гана баш ийишет. Мыйзам боюнча, соттун ишине эч бир бийлик бутагы кийлигише албайт. Конституциялык сот ошондой чечим кабыл алгандан кийин туура дегенге негиз бар. Бийликтин бул бутагы, укуктарынан ашкере пайдаланган эмес деген ойдомун.
Жогорку Кенештин депутаттарынын бүгүнкү чечими менен Конституциялык сот өз ишмердүүлүгүн кайрадан улантат.