Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

ДЕПУТАТТАР ЗИЛЗАЛАГА КАБЫЛГАН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРЫШТЫ


Жогорку Кеңеш спикери Адахан Мадумаров жетектеген депутаттык топ зилзалага кабылган аймактарды эки күн бою кыдырышты. Эл менен жолукканда Кыргыз парламентинин төрагасы жаратылыш катаклизминин тилкесинде жайланышкан айылдагыларды коопсуз жайларга күчтөп көчүрүүнү, алардын маселелерин комплекстүү чечүүнү, керек болсо көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жабыркагандарды ошол квартираларга жайгаштырууну жергиликтүү бийликтен талап кылды. Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов өтө шашылыштын кажети жоктугун, опурталдуу кыштактарды ар тараптуу иликтөө зарылдыгын, көп кабаттуу тамдардын шартына элет эли оңойлук менен көнбөстүгүн белгиледи.

Карасуу районундагы Сакыев атындагы орто мектептин 284 окуучусу бүгүн аргасыз каникулда. Себеби, агартуу журту пайдаланууга жараксыз. Бул туурасында мектептин кесиптик уюмунун төрайымы Турдукан Ормонова кабарлап, премьер-министр көрүп кетсе да, алардын көйгөйү чечиле электигине:

- Жер титирөөдөн кийин мектеп жараксыз экенин Чудинов, Ташиевдер келип көрүп кетишти. Жаңы мектепти ушул жерге салып берсе, бирок ушул маселе азырынча чечиле элек,- ушинтип даттанды.

Коомдук ишмер Ширман Назарова Ош облусунда сугат жерлер таңкыстыгын, ошондуктан, андай аянттардан чек берүүгө тыюу салууну, ошондон көрө көп кабаттуу үйлөрдү куруп тапшырууну сунуш этти.

- Биздин суулу 20 гектар жер бар эле, ошол жер толугу менен бөлүнүп үй салынып кетти. Менин ичим ачышат, ушул жерлерден канча түшүм алса болот эле. Ушуну программага киргизсе, келечекте корпус үйлөр салынса. Чынында корпус үйлөргө чал-кемпирлер барбайт,- деди Ширман Назарова.

Кыргыз парламентинин төрагасы Адахан Мадумаров жаратылыш катаклизминин тилкесинде жайланышкан айылдагыларды коопсуз жайларга күчтөп көчүрүүнү, алардын маселелерин комплекстүү чечүүнү, керек болсо көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жабыркагандарды ошол квартираларга жайгаштырууну жергиликтүү бийликтен талап кылды.

- Эгерде илимий жааттан иликтенип, бул жер коркунучтуу жер экен, келечекте жер көчкү, же селдин астында калышы күтүлөт, анда биз көчүшүбүз керек деген болсо, калктын баары түшүнүү менен мамиле жасап атпайбы. Ата-бабалардан калаган жер эле, малды-жанды кайда алып барабыз, жайытыбыз кайда калат деген маселени койбостон, өкмөткө ишеним арткандан кийин, өкмөт илимий жактан тыянак чыгаргандан кийин ошол чечимге баш ийиш керек, ошол чечим менен аракет жасаш керек, - дейт Адахан Мадумаров.

Апааттан үйү кулап, бала-чакасы менен чатырда жансактаган Карасуунун Бекжар кыштагынын тургуну Ташибек Осмонов атайын адистерди жөнөтүп чекке ажыратылчу аймактарды терең текшертип берүүнү өтүндү. «Болбосо, жаңы салган үйлөрү кайра кыйраса, ага ким жооп берет?» деген суроонун башын кылтыйтты.

- Азыр эл палаткада жашап атышат. Эң негизгиси ушул жерди илимий тарапта аныкташ керек болуп атат, бул сейсмологиялык зона болуп калды. Кайрадан жер титиреп үйлөрүбүз жарылып, бузула турган болсо кем багал элге такыр эле кыйынчылык болуп калат,- дейт Ташибек Осмонов.

Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов жер титирөөдөн калктын 90 пайызынын үйлөрү кыйрап калгандыгына токтолуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу багытында Өкмөт өзүнчө программа иштеп чыгуусу зарылдыгын, жабыркагандарды көп кабаттуу үйлөргө көчүрүүгө шашылуунун кажети жоктугун, мындай шартта айылдык кыргыздар жашай албастыгын, ашар ыкмасында мектептерди курууну да таптакыр токтотууну ачыктады.

- 90 пайыз үйлөр бузулуптур. Бирок биз депутаттар өкмөт менен комплекстүү маселени чечип туруп акча бөлүшүбүз керек. Көп кабаттуу үй салыш керек деп атат, көп кабаттуу үйдө айылдык кыргыз жашай албайт, малын кайдан багыш керек. Анан ашар жолу менен мектепти курабыз дегенди токтотуш керек,- деди Бакыт Бешимов.

XS
SM
MD
LG