Бул тууралу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” маалымдады. Элчинин айтымында, маркумдун сөөгүн өз мекенине алып кетүүгө тергөө ишин жүргүзүп жаткан прокуратура уруксат бериши керек. Учурда бул кылмыш боюнча тергөө жүрүп жаткандышыга байланыштуу бул маселе дароо эле чечилип кетепейт, дейт элчи. 6-февралда кечинде Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринен кыргыз жараны денесине 30 жолудай бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ушуну менен Орусияда соңку айларда эле 5 кыргыз жараны кигши колдуу болуп отурат.(MSu)
08:10 Москвада киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат