Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:01

Ж. АБДУЛЛАЕВ: ОРУСИЯДА МИГРАНТТАРГА КАРАТА ЖАЗЫЛБАГАН САЯСАТ ЖҮРҮҮДӨ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Акыркы мезгилде Орусиядагы кыргыз жарандарына славян улуттуу жаштардын кол салуусунун күчөшү коомчулукта нааразылыктарды пайда кылууда. Бул багытта “Азаттык” үналгысы менен Эларалык байланыш боюнча адис Жума Абдуллаев ой бөлүштү.

-Жума мырза, Орусиядагы кыргыз жарандарына кол салуулардын күчөшүнө эмне себеп болууда?

-Бул көп кырлуу маселе. Бирок биринчиден, жазылбаган эрежелер, саясат бар, муну деле ачык айтыш керек. Мунун бардыгы буга чейин деле болуп келген окуялар. Өзгөчө мунун аймактын фактору дагы бар. Мисалы, Орусия федерациясынын борбордук аймагы Москва, Подмосковье, Санкт Петербург жана түштүк тарап округу - ушул үч аймакта өтө күч алган. Акыркы мезгилде ушул үч аймакты мигранттардан азайтуу, мигранттарды ал жактан чыгаруу боюнча өкмөт дагы кескин чараларды көрүп жатат. Ошол чаралар буларды шыктандырып жатабы, кандайдыр бир өзгөчө күч алып кетти. Анан биздин элчиликке ыраазычылык билдириш керек, ачык айтып, акты - ак, караны – кара деп атап, азыр маселени түз койгонунан коомчулук арасында чоң резонанска ээ болуп жатат. Буга чейин деле көп болуп келген мындай окуялар.

-Жума мырза, буга чейин дагы Орусиядагы биздин жарандардын абалы тууралуу кыргыз бийлигине кыргыз диаспорасы бир нече ирээт кайрылып келди эле. Мына ошондо олуттуу жардамдар көрүлдүбү же жокпу? Буга чейин дагы кайрылган маселелерге дагы токтоло кетсеңиз.

-Башынан эле мен “Замандаш” ассоциациясын жетектеп келбедимби. Биздин ассоциация Москвадагы диаспоралар тарабынан мигранттардын укугун коргоо боюнча бир канча кайрылуулар каралып, негизинен укуктук маселелердин көпчүлүк бөлуктөрү чечилип калган. Бугүнкү күндө ошондой терс көрүнүштөргө бир эле нерсе бар: Орусиянын укук коргоо органдары бекем колго алса жакшы болмок. Орусияда чымчык оңой менен учуп өтө албайт, ошон үчун муну жакшы эле тизгиндеп алса болот.

-Орусиядагы кыргыз жарандарынын коопсуздугу үчүн эмне кылуу керек? Бул багытта кандай сунуштарыңыз болот?

-Биринчиден, элчилик диаспора аркылуу маалымат кампаниясын баштап жаткан экен. Бул жакшы нерсе. Өзгөчө жаштар арасында өзүн-өзү сактоо өндүү керектүү эрежелер бар, ошолорду сакташ керек. Маалымат кампаниясын саясий деңгээлде өткөрүп, жергиликтүү ММКлар аркылуу ушул маселени тез-тез козгоп турсак, бул чукул чечилчү иш.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG