Аталган компаниянын жетекчилиги менен ачкачылык жарыялагандар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мунасага келишти. Бул тууралуу билдирген Бейшенбек Бекешовдун айтымында, дүйшөмбү күндөн баштап ачкачылыкка чыккан кызматкерлер жумушка чыгышат. УТРКнын ондон ашуун кызматкери директордун милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановду кызматан кетирүү талабы менен 31-январдан бери ачкачылык жарыялап отурушкан. (AJ)