Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

АЧЫК ЖАНА АДИЛЕТ ШАЙЛОО АРМЕНИЯНЫН ДА НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙҮ


Арменияда бүгүн президенттик шайлоо өтөт. --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/0459A9D5-4EB9-4303-8AF3-0C96BBA37640.ASP Мамлекет башчысынын мандатын жалпысынан тогуз талапкер талашып жатат. Азыркы премьер-министр Серж Саркисян менен өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер–Петросян бул шайлоодогу негизги атаандаштар катары каралууда. Армениянын да бүгүнкү шайлоодогу негизги көйгөйү – ал адилет өтөөр-өтпөсү.

Конституцияда каралган мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Армениянын азыркы президенти Роберт Кочерян бул шайлоого катыша алган жок. Бирок бийликтин талапкери ирээтинде чыгып жаткан премьер-министр Серж Саркисян анын мураскери катары эсептелинет.

Ал эми оппозиция талапкерлеринин барандуулары катары чоң саясатка сегиз жылдык тыныгуудан соң кайтып келген мурдагы президент Левон Тер–Петросяндан тышкары парламенттин мурдагы төрагасы Артур Багдасарян аталууда.

Эски совет аймагынын калган өлкөлөрүндөй эле Армениянын алдында шайлоо эркин жана ачык өтөбү деген көйгөй турууда.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Кавказ чөлкөмү боюнча аналитиги Лиз Фуллер Армениянын шайлоо тарыхы мындан күмөн санатып турганын белгилейт:

-Армениянын көйгөйү – ал ачык жана эркин деп кабыл алынган президенттик шайлоону бир гана жолу өткөргөнү. Бул 1991-жылдын октябрында биринчи президенттикке Левон Тер–Петросян шайланганда болгон. 1996-жылдын сентябрында ал кайра шайланганда, шайлоонун биринчи айлампасы анын менен мурдагы премьер-министр Вазген Манукиян эки айлампага чыгып калбаш үчүн бурмаланган. Андан кийин 1998-жылы Тер–Петросян бийликтен кулатылганда жана 2003-жылы бийлик партиясынын талапкери азыркы президент Роберт Кочерян болду. Эки ирээт тең шайлоо экинчи айлампа менен аяктап, оппозициянын ырастоосунда шайлоо булганыч өткөн, добуштар Кочеряндын пайдасына бурмаланган. Андыктан, элде энтузиазм жок.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары бүгүнкү шайлоодо бийликтин талапкери, премьер-министр Серж Саркисян биринчи эле айлампада 50%дан ашуун добуш алып, жеңип чыгарын көргөзгөн. Бирок "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун армян кызматынын директору Харри Тамразияндын айтымында, Арменияда андай сурамжылоонун жыйынтыгына ишеним менен карагандар аз:

-Биздеги сурамжылоону бир нече чет элдик компаниялар өткөргөн. Бирин британдык компания, экинчисин Гэллап институту. Бирок алар муну жергиликтүү компаниялардын жардамы менен жүргүздү. Биз билгенден жергиликтүү сурамжылоолор чыныгы кырдаалды толук чагылдыра бербейт. Андыктан, оппозиция мындай сурамжылоолордун тыянагына шектенүү менен кароодо. Жергиликтүү компаниялар өкмөт үчүн ар убак жогорку көрсөткүчтү берип жүргөндүктөн аларга ишенбөөчүлүк бар. Мындай сурамжылоолорго эч ким деле олуттуу маани бербейт.

Айтор, Армениянын биринчи президенти жана азыркы талапкер Левон Тер – Петросян эгер добуштар бурмаланса, шайлоонун эртеси өз жактоочуларын көчөгө алуу чыгарын эскерткен жайы бар. Ал ошондой эле өткөн аптада Орусияда президенттикке шайланары күтүлүп жаткан Дмитрий Медведев менен жолугуп, Москванын колдоосун алып келгенин айтып чыккан эле.

Ал эми мунун алдында орус расмий өкүлдөрүнүн Ереванга жасаган байма–бай визиттери, Кремль өкмөттүн талапкери Серж Саркисянды колдоп жатканынын белгиси катары каралган.

"Азаттык" радиосунун аналитиги Лиз Фуллөр Орусиянын Армения шайлоосундагы ролу жөнүндө мындай дейт:

-Бул - Орусиянын колдоосуна караганда, көбүрөөк Орусиянын кызыкчылыгы жөнүндөгү маселе. Орусиянын Армениядагы базасы - ал Түштүк Кавказда калтырган аскерий базалардын жалгызы. Азыр ал Грузиядан чыгып кетти. Орусиянын Арменияда ири экономикалык кызыкчылыктары бар.

Ал Батыштан кызыгуу болуп жатабы? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун армян кызматынын директору Харри Тамразияндын айтымында, чоң кызыгуу байкалган жок:

-Грузиядагыдай сыяктуу чоң кызыгуу бар деп айтпас элем. Батыш бул шайлоодо кимге артыкчылык берерин ачык билдирген жок.

Ал кошумчалагандай, шайлоого бир миңдей жергиликтүү, алты жүз чет элдик, анын ичине ЕККУ уюмунун байкоочулары да көзөмөл салмакчы.

Армениянын шайлоо мыйзамынын бир өзгөчөлүгү - учурда эмгек мигранты катары четте жүргөн 3 миллиондой армян бүгүнкү шайлоодо добуш бере албайт. Башкача айтканда, алардын четтен туруп добуш берүүсү үчүн мыйзамдык мүмкүнчүлүк каралган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG