Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

ОРУСИЯДА УЛУТЧУЛ ЖАШТАРДЫН ӨҢҮ БУРУУЛАРДЫ БЫЧАКТАШЫ КҮЧӨДҮ


Муса Мураталиев, Москва Москвада скинхеддердин Түндүк Кавказ жана Борбордук Азиядан келгендерге кол салуулары абдан көп болгонго байланыштуу милиция органдары андай жоруктарга каршы атайын чара көрүүгө барышкан. Басылмаларда белгиленгендей дем алыш күндөрү Москванын бир эле түштүк-чыгыш административдик округунда 180 милиция кызматкери күзөткө чыгышкан. Ошол эле учурда тартип сактоо органдары мурдагысындай эле Москвада уюшулган улутчул жаштар (скинхеддер) кыймылы жок дешет. Белгилей кетчү жери - айрыкча Москвада жүзү славянга окшобогон кишилерди бычактап кетүү дайыма болуп турат. Кийинки учурда улутчул жаштар бычагын жеп өлгөндөр арасында Кыргызстандын атуулдары арбын болууда.

Москвада кыргыздардын көп жолу бөөдө өлүмгө учурашы, аларды ашынган улутчулдар, милиция тургай, эч кимден коркпой-этпей эле жайлап салып атышы маскөөлүктөр арасында ачык эле айтылып калды. Ошого карабай жергиликтүү бийлик Орусияда улутчул жаштар кыймылы жок деп айткандын оозун баса калып келишет.

Дагы бир мүнөздүү көрүнүш – скинхеддер киши өлтүрүүлөрү мамлекеттик сыналгы, үналгылардын айтылбайт, көргөзүлбөйт. Ушундай жагдайда көчө толуп жайылып жүрүшкөн балтыр эти толо элек, оозунун сүтү кургай элек баш кесерлер оюна келгенин жасап атышат.

Байкоочулардын баамында, неофашисттер чаң салуусу шайлоо алдында Кремлдин тегирменине суу куюп жатат. Экинчиден, улутчулдар таянган күчтөр Мамдумада олтурушкандыктан мыйзамдын тиешелүү беренелери небак бузулган. Ошон үчүн аларды сот жообуна тартуу кыйындаган. Мындай ойду “Сова” борборунун деректири Александр Верховский айтат:

-Мыйзамга оңдоолор киргизилип, жек көрүүчүлүк деген түшүнүктү башкача буруп салышты. Мурда мыйзам жаман көрүүчүлүктүн себебин расалык, диний, улуттук б.а. этникалык себептен издечү.

Ошон үчүн азыр такырбаштардын киши өлтүрүү фактыларын баарыдан мурда бейбаштык кылуу беренеси астында кароо адат болуп калганын белгилейт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өлкө атуулдарынын башына келип аткан кыйын учур тууралуу ал кылмыштардын бетин ачып берүү үчүн Орусиянын башкы прокуратурасына, өлкөнүн Тышкы жана Ички иштер министрликтерине нота жөнөткөн. Ал туурасында Кыргызстан мамлекеттик комитетинин миграция жана ишке орношуу боюнча кызматынын Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотов айтып өттү:

-Эртең кечки саат алтыда Москвада жүргөн кыргызстандыктарды чогултуп, элчилик менен бирдикте чоң жыйын өткөрөлү деп атабыз. Ал жерде өзгөчө кечинде жалгыз жүрбөй, караңгыдай эшикке чыкпай, колдон келсе үйдөн чыкпай жүрүүгө чакыралы деп атабыз. Бул бөйдө кырсык да, эки жигит деле кечки саат алты ченде дүкөнгө бара коебуз деп ушундай болуп отурбайбы. Эртең кеңешип өзгөчө ушул маселелерди талкуулап албасак болбой калды. Ошону менен бирдикте бул шаардын жалпы Орусиянын жетекчилерине кайрылуу болуп, сүйлөшүүлөр өтүп, ноталар жиберилди.

Ушул жерде «Азаттыкка» келип түшкөн каттардан бирди кыстара кетели:

- Эгер Кыргызстан мамлекетинде иштер, мыйзамдар, окуй жайлары экономикалары өнүккөн мамлекеттердикиндей даражада болгондо биз өз эле мамлекетибизде иштемекпиз. Азыр Россияда, Казакстанда тентип жүрөбүз. Бул жакта кыйналганыбызды билгениңерде балким биз үчүү бооруңар ачымак. Силерге күлкү - бизге ый. Өз мамлекетибизди аябай сагындык, бирок барганга духубуз жетпейт. Бизге айлыкты ким убагында берет? Өзүбүздү кантип багабыз? Ушул ойду ойлоп коркуп кетебиз. Мени кечиргиле, бирок бул чындык. Кыргызстанымды сагындым, мекен үчүн иштегим келет. Бирок ылажы жок. .

Россия, Челябинск шаары, Калининский району, "Восточный" базарынан, Ч.Султанбек

Быйылкы жылы негизинен Маскөөдө жашап атып, орус улутчул жаштарынан бычак жеп өлгөндөрдүн тизмесин тиркей кетели.

Каныбек Жусупов, 12-январда Санкт-Петербугда каза тапты,
Рустам Касымов, 12-январда каза тапты.
Алтынбек Жаркынов, 12-январда каза тапты.
Нурлан Эркинбаев, 16-январда каза тапты.
Жеңишбек Абдумажитов, 17-январда каза тапты.
Марат Акматов, 29-январда каза тапты.
Канатбек Жороев, 6-февралда каза тапты.
Мирлан Эргешов, 10-февралда каза тапты.


Бөлөк жерде жүрүп эки айга жетпеген убак ичинде шейит кеткен тогуз кыргыз уланынын аты жөнүн интернет баракчадан табасыздар.

Кечээ, бул материал даярдалып атканда, Маскөөнүн мэри Юрий Лужков диаспоралар жана тартип сактоо органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Арада кеп КМШ өлкөлөрүнөн келгендерге кол салуулардын күчөп кетиши туурасында болгон.

ИнтерФакс жазганга караганда шаар башчынын жинин кайнаткан жорук 17-февралда Кабарда Балкар жумуриятынан келген Э.Дитиновду кимдир бирөөлөрдүн бычактап кетиши болгон.

14-февралда да эки тажик уланды бычактоо болуп, бири өлүп бири тирүү калды эле. Мурдараакта, бир молдаван жигитти бычактап өлтүрү болгон. Иши кылып, Казыбек айткандай: «айта берсе түгөнгүз арт жагынан балалап....»

XS
SM
MD
LG