Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

15:39 Сот Жыпаргүл Арыкова мамлекетке чыккынчылык кылган эмес деп чечти


Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы кызматкерин Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("Мамлекетке карата чыккынчылык") боюнча актап, бирок кодекстин 302-беренеси ("Тыңчылык") боюнча айыптуу деп таап, үч жыл колонияда жаза өтөсүн деген чечим чыгарды. Адвокат Нина Зотованын айтымында, ал Арыкованы бошотуу арызы менен жогорку сот инстанцияларына кайрылат. Ал эми Кытай жараны Исмаил Үсөк тыңчылык кылган деген айып менен 12 жылга кесилгенин анын адвокаты Айжан Касымалиева кабарлады. Адвокат бул чараны өзгөртүү максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылмакчы. (JTo)

XS
SM
MD
LG