Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

БЕЛГРАДДАГЫ ЭЛЧИЛИКТЕРГЕ КОЛ САЛУУНУ БУУ АЙЫПТАДЫ


Өткөн түнү Белграддагы АКШнын жана башка Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кол салуу Сербиянын өкмөтүн кыйын абалга койду. Косовонун өзүн эгемен жарыялоосуна серб эли нааразы экенин шардана кылуу үчүн Серб жетекчилиги бейшемби күнү калың элди жапырт демонстрацияга чыгууга чакырган эле. Тынч демонстрация чатак менен аяктап, анда 150дөй адам, анын ичинде полициянын 30 кызматкери жана бир нече журналист жараат алды. БУУнун Коопсуздук кеңеши Белграддагы элчиликтерге кол салууларды айыптады.

Сербия өкмөтүнүн элди массалык демонстрацияга үндөп, бирок тийиштүү коопсуздук чарасын көрбөгөнү, айланып келип, өз башына тийди. Албууттанган топтор Косовонун эгемендигин колдогон АКШ дагы башка өлкөлөрдүн Белграддагы элчиканаларына чабуул жасап, көптөгөн имараттарды бүлүнткөнүн эларалык телеканалдар түнү бою көрсөтүп жатты.

АКШнын элчиканасына коюлган өрттө калып, бир адам мерт болду. Элчиликтин кызматкерлери жабыр тартпаганы кабарланды. Тополоңдуу окуя үчүн Сербиянын өкмөтү тыш өлкөлөрдөн кечирим сурады:

- Биз Белградда көргөн зобун иштердин болгону өтө өкүнүчтүү. Муну нараазылык акциясына катышкан жүз миңдеген адамдар эмес, экстремисттик топтор жасады. Бул экстремисттик маанайдагы топтун кылган иши.- деп билдирди Сербиянын тышкы иштер министри Вук Жеремич.

АКШнын мамкатчысынын орун басары Николас Бернс Сербиянын премьер- министри Воислав Коштуницага телефон чалып, “чээнден чыккан” мындай бейбаштыктар кайталанбасын эскертти.

Белграддагы элчиликтерге кол салууну БУУнун Коопсуздук Кеңеши да айыптады. Коопсуздук Кеңешинин учурдагы төрагасы, Панаманын БУУдагы элчиси Альберто Ариас Кеңештин билдирүүсүн окуп берди:

- Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү ажаалданган топтун Белграддагы элчиликтерге жасаган жапырыгын айоосуз жектейт. Анын кесепетинен элчиликтин мүлкүнө зыян келтирилди жана дипломаттардын өмүрүнө коркунуч туулду. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү дипломаттык миссиянын кол тийбестиги жөнүндөгү фундаменталдык жобону жана коноктоочу мамлекеттердин милдеттенмелерин, анын ичинде дипломаттык байланыштар жөнүндөгү 1961- жылкы Вена конвенциясына ылайык, элчиликтин мүлкүн коргоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүшү шарт экенин эске салат.

Евробиримдик Сербиядан элчиликти коргоо үчүн жетиштүү чара көрүүнү талап кылды жана Сербия менен түзүлчү Турукташтыруу жана ассосиация келишимине кол койууну “тополоң басылмайынча” токтотконун маалымдады.

Эларалык коомчулук Сербиянын жетекчилиги коопсуздук чараларын күчөтпөсө, улутчулдук негиздеги толоңдор Сербияга коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Косоводо жайылып кетет деп чочулайт.

XS
SM
MD
LG