Эки жылдан бери камактагы Александр Казулин ушундай уруксат үчүн ачарчылык жарыялаган эле. Аны убактылуу бошотууну Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги да суранган. Казулин президент Лукашенкого каршы нааразылык акциясын уюштурганы үчүн 5 жарым жылдык түрмө мөөнөтүн өтөп жатат.