Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

ИРАНДА БАЛАК УРУП ЖАЗАЛОО «МОДАГА“ АЙЛАНДЫ


Амирбек Усманов, Прага Ирандык 11 жаранды балак уруп жазалоо жөнүндөгү соттун өкүмүнү жумушчулардын кошууну жана таанымал укук коргоочулар, анын ичинде Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты Ширин Эбади сындашты. Былтыр 1- май майрамы күнү Күртыстан провинциясынын Санандаж шаарында кармалган жумушчуларга уруксатсыз жыйынга катышып, коомдук тартипти бузду деген айып тагылган.

1- май күнү эмгек шартын жакшыртууну талап кылышканы үчүн коомдук тартипти бузду деп айыпталган 11 жумушчунун төртөөсү 10 балак уруп жазаланды. Калган жети адамга да балак урулат. Ал эми эки жумушчу кошумча дагы 200 миң тумандан (~ 200 доллар) айып төлөйт. Жумуштан кыскартылгандар менен ишсиздердин улуттук кошуунунун төрагасы, 10 балакка жазаланган Халед Савариге эмне кылмыш жасадык деп, соттун өкүмүнө айран таң:

-Биз эмне кылмыш жасадык? Эшик же терезе сындырдыкпы? Машинеге от койдукпу? Бир гана айыбыбыз: маяналарыбыз жана жумушчулардын көйгөйү жөнүндө ишкананын кеңсесинин маңдайында нааразылык билдиргенбиз. Ушул бар жазыгыбыз.

Таиб Молайи айымга да 10 балак урулат. Ал жумушчулардын үй- бүлөлөрүнүн экономикалык муктаждыгы аз келгенсип, укугун жакшыртууну талап кылышканы үчүн жазага тартылышты дейт:

-Өзүн же үй- бүоөсүн бага албагандай абалга жеткен жумушчу Эмгекчилер күнү иш шартын жакшыртууну сураса болбойбу? Эмне ал үчүн балак уруп жазаланабы?

Жумушчулардын эмгек шартын жакшыртууну талап кылганы үчүн эле жоопкерчиликке тартууну Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади айым адилетсиздик катары сындады:

-Жазалоонун максаты адамды физикалык жактан жазалоо эмес, кылмышкердин жүрүм-турумун оңдоо экенине дүйнөдө эбак эле түшүнүшкөн. Ошондуктан, балак уруу, ташбараңга алуу, колду кесүү сыяктуу жазалоонун бардык физикалык түрлөрүнө Уруп- сабоого каршы эларалык келишим катуу тыйуу салган.

Жумуштан кыскартылгандар менен ишсиздердин Иран улуттук кошууну соттун өкүмүн адамгерчиликсиз деп атап, Эларалык эмгек уюмуна арыз жолдоду.

11 жумушчуну жазалоо жөнүндөгү соттун өкүмүнө Күрдистан провинциясында көптөгөн адамдар нааразы болушканын Ирандагы бир катар Интернет сайттар кабарлашты.

XS
SM
MD
LG