Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

10:21 Бишкек шаардык сотунда Социал-демократиялык партиянын апелляциялык арызы карала баштады


Бул тууралуу партиянын парламенттеги депутаттык фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов билдирди. Сотто партиянын кызыкчылыгын адвокат Галина Скрипкина коргоодо. Белгилүү болгондой Борбордук шайлоо комиссия партияны сотко берип, андан мамлекеттин пайдасына 20 миллион сом өндүрүп алуу талабын койгон. Сотко берүүгө партиянын мүчөсү Эдил Байсаловдун шайлоо бюлетенин интернетке жарыялоосу себеп болгон. Алгачкы сот инстанциясы маселени БШКнын пайдасына чечкен. Социал-демократиялык партия өз кезегинде апелляциялык арыз менен жогорку сот инстанциясына кайрылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG