Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

АЛАТОО ЖАШТАРЫ УЛУТЧУЛДУККА КАРШЫ (Сүрөт баян)


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Бүгүн Бишкекте ондон ашык кыргызстандык жаштар Орусияда улутчул такырбаштардын колунан мерт болгон мекендештерин эскеришти.





Алар орус элчилигин имаратынын алдына чогулуп мечиттен молдо чакыртып, куран окуталы деген максатын ишке ашырууга милиция жол берген жок.



Жаштар орус бийлигинен кыргызстандык атуулдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү тез арада таап жоопко тартууну, улутчул уюмдардын иш-аракеттерин катуу көзөмөлгө алууну, башка мамлекеттин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыз кылууну талап кылган кайрылуу жолдоону көздөштү.





Бирок орус элчилигинен бирөө-жарым чыккан жок.



Эскерүүгө чогулган жаштарга Биринчи май районунун акими Болот Бейшенкулов келди.



Бейшенкулов орус элчилигине кайрылууну өз колу менен тапшыраарын убада кылып жаштарды тезирээк тарап кетүүгө үндөдү.



Каза тапкандарды куран окуп эскерүүдө эч кандай мыйзам бузулбастыгы айтылгандан кийин, маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.



Андан соң жаштар каза тапкан мекендештеринин аттары жазылган, чети кара тасмага оролгон кагазды улутчулдардын колунан мерт кеткен атуулдардын өлүмүнө күнөөлүлөр табылмайынча алынбасын деп кулпу менен элчиликтин имаратына илип кетишти.







Ушул жыл жаңыргандан бери эле Орусияда кыргызстандык сегиз атуул улутчул такырбаштардын колунан каза тапканы маалым.

XS
SM
MD
LG