БУУнун адам укугу боюнча башкомиссары Луиза Арбур Еревандагы сегиз кишинин өмүрүн алып кеткен кагылышуудан кийин Армения бийлигин токтоолукка чакырды. Ал болуп өткөн окуяга өтө кабатырлыгын билдирди. Кечээ өзгөчө кырдаал киргизилген Ереванга ЕККУнун атайын өкүлү жөнөтүлдү. Ошондой эле президент Роберт Кочерян менен Евробиримдик жетекчилеринин бири Хавьер Солана телефон аркылуу байланышканы жана Арменияга өз чабарманын жибергени кабарланууда.
19-февралда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттарды полиция күч менен кууп тараткан.
19-февралда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттарды полиция күч менен кууп тараткан.