Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү боюнча кызмат абалынан ашыра пайдаланган деп айыпталып жаткан Султан Урманаевге өкүм ушул жуманын дүйшөмбү, же шейшемби күндөрү угузулаарын Бишкек гарнизондук аскер сотунун ишти караган төрагасы Жакыпбек Бектемиров 29-февралда жарыя кылган. Бирок сот 4-март күнү да болгон жок. Соттун катчысы Эмил Мелис уулу өкүм мүмкүн эртең угузлаарын айтты, бирок себебин түшүндүргөн жок. Жалалабат гарнизонунун аскер прокурору Акылбек Абдыраев өкүм али даяр эместигине байланыштуу сот бейшемби, же жума күнү болушу ыктымалдыгын Бектемиров телефон аркылуу билдиргенин кошумчалады. (YA)
17:33 Аксы окуясы боюнча айыпталган экс-губернатарго байланыштуу сот иши бүгүн да болгон жок