Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Т.ТУРГУНАЛИЕВ: ЫҢКЫЛАП БОЛГОН, БИРОК МАКСАТЫНА ЖЕТПЕЙ КАЛГАН


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Жогорку Кенештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети 24-мартты майрам күн катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алды. Эми маселе парламентке коюлары күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев жооп берди.

-Бул маселеге карата сиздин көз карашыңыз кандай? Бул күндү биз майрамдашыбыз керекпи? Улуттук майрам болушу керекпи?

-Бул улуттук майрам сөзсүз болушу керек. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, ушул күнгө чейин айрымдар мамлекеттик төңкөрүш менен революциянын айырмасын билбейт, же атайылап ошол ыңкылаптын маанисин бурмалоо максатында “мамлекеттик төңкөрүш болду” деп жүрүшөт. Бул элдик ыңкылап болгон. Экинчиден, элдик революция болду, миллиондогон адамдар ушуну каалаган, 100 миңдеген адам чыккан, бирок элдик революциянын бир дагы талабы аткарылган жок. Мына ушунусу тарыхый драма десем жаңылбайм.

-Сиз өзүңүз айткандай, бул элдик революцияга 3 жыл болуп калды. Тарых ченеминде аз убакыт болсо дагы, бирок кандай бааласа болот? Кыргызстандын тарыхында бул кандай дата болот? Элдик революцияга тиешелүү максат аткарылбай калса, кийинчирээк буга кандай баа болот?

-Айдан мырза, тарыхта мындай нерсе көп болгон. Далай эле мамлекеттерде ушул элдик революцияга жеңген дагы, анан контрреволюция, же болбосо демократиядан теңирден тескери кетип, анан кыйналып, кайрадан ошол элдик революциянын улуу максатын аткаруу жолуна түшкөн мамлекеттер көп болгон.

Бирок 2005-жылдын 24-мартында Жалалабатта башталган, андан кийин Бишкекте бүткөн Элдик революция болгон. Биз аны тана албайбыз да. Анан бир нерсе болбой калса, экинчи болгон нерсени кантип эле көзгө илбей, таптакыр белгилебей, майрамдабай коебуз?

- Азыркы бийликте 24-марттагы ыңкылаптын максатын аткарууга убакыт барбы?

-Мүмкүнчүлүк жана убакыт түгөнүп баратат. Орустар айткандай, берилген убаданы аткаруунун мөөнөтү үч жыл экен, үч жыл өтүп баратат. Бирок эгерде ошого даяр болсо, эгерде чукул 180 градуска айланып, эгерде чечкиндүү бир кадамдарды койсо, дагы эле кеч эмес. Ошол мүмкүнчүлүктөр акыркы бүлбүлдөгөн шам чырактай болуп турат. Андыктан президент эң оболу кадр саясатына көңүл бурушу керек.

Бүгүн дагы аткаруу бийлигинде, башка жакта деле 80-90 пайыздын тегерегинде шылуундар, шүмшүктөр, шумпайлар, “акаевчилер” отуруп калды да. Элдин басымдуу көпчүлүгү мына ушуга ушунчалык нааразы. Ушундай шүмшүктөр менен өлкөнү оңдоого болбойт. Мурда тымызын Айдар Акаевдин колунда жүргөндөр азыр жогорку бийликке келип калды. Ошол революцияда качкандар, жанагы Калиев, Ширшов, Балкыбековага окшогондор, дегеле ошол Айдардын тобунда жүргөн Чудиновдор бардыгы бийликке келди да. Анан энергетиканы куруткандар, экономиканы жок кылгандар.

Чудинов экономиканы билбейт. Азыр бүтүндөй Кыргызстан алып жаткан газ ошонун фирмасы аркылуу өтүп жаткан экен, мына газеталар шуулдатып жазып жатат. Биз Адахан Мадумаров баш болуп мурдагы парламентти чөнтөк парламент деп жүрдүк эле, азыркы парламент чөнтөктүн тээ түпкүрүнө түшүп кетти го.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG