Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

УКУК КОРГООЧУ ЖАНА СҮРӨТЧҮ МАКСИМ КУЛЕШОВ


Маектешкен Жазгүл Жамангулова, Чүй Максим Кулешовду коомчулуктун калың катмары адам укугун коргоо жаатындагы иш-аракеттери, көп өткөрүлүп турган акциялары менен тааныйт. “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Жазгүл Жамангулова укук коргоочу Максим Кулешовду кепке тартып, анын кыялдары, болочок пландары жана Кыргызстандагы адам укугу тууралуу суроолорду узаткан.

Максим жыйырма жети жашта. Бойдок. Анын соңку кездердеги адаттан тышкары, жалгыздап өткөргөн акциялары коомчулукту бирде таңгалдырса, бирде түшүнүксүз абалга керептер кылат. Бирок кесиптештери Максим Кулешовду күтүүсүз кадамдарга барып, ошол эле кезде бардык иш-чарага чыгармачылык менен мамиле кылат деп баалашат экен.

Максим Кулешовдун балалык чагы

-Мен Бишкекте төрөлгөм. Бирок балалыгым Ош шаарында өткөн. Ата-энем аскер кызматкери болгондуктан Кыргызстандын башка шаарларында дагы жашоого туура келген. Ал эми балалыгымда эмне жөнүндө кыялданганымды билбейм, бирок ички эркиндигимди мен башка адамдарга жеткирип, аларды демократияга үндөөнү, аларды да ойготууну кыялданаар элем. Ошол азыркы менин укук коргоочу болгонума мүмкүн себеп болгондур... Ар бир адам өзүнчө эркин болуп төрөлгөн жана аны эч ким, эч качан чектей албайт.



-Ал эми сиздин негизги кесибиңиз кандай?

-Алган кесибим боюнча социалдык тармактын менеджери болушум керек эле. Бирок мен чыгармачыл адаммын, тагыраак айтканда сүрөтчүмүн. Мен маселен адамдарды, жаратылышты же кайсы бир нерсени тартпайм. Болгону өзүмдүн ички туюмумдун негизинде абстрактуу сүрөттөрдү жаратам. Сүрөт поэзия сыяктуу, сенин ички искусствоң дегендей. Мен көбүн эсе эркиндикке байланышкан сүрөттөрдү тартам. Эгер кимдир бирөө менин сүрөттөрүмдү көргүсү келсе, www.izart.com интернет дареги боюнча тапса болот.

-Сиздин саясий, укук коргоо иштерине аралашып, тактап айтканда укук коргоочу болуп калууңуз чыгармачылыкка кандайдыр байланышабы, же бирине- бири карама-каршы багыттабы?

- Чыгармачылык бул демократияга багыт алган жолдо негизги орунда турат. Себеби демократияны куруудагы алгачкы аракеттер ар бирибиздин чыгармачылыгыбызга, ички көрөнгөбүзгө байланыштуу болуш керек. Анткени коомчулук, саясат, чыгармачылык баары бир бирин-бири толуктап турган нерселер.

-Качан үй-бүлө курууну пландаштырып жатасыз?

- Азырынча мен үй-бүлө куруу туурасында ойлоно элекмин. Сүйгөн кызым дагы жок. Мүмкүн мен издеген же мени түшүнгөн адам азырынча төрөлө электир.



-Биз билгендей сиз чыгармачыл адамсыз, бирок укук коргоочу болуп калууга эмне себеп болду?

- Бүгүнкү бийликти биз сынга алып турушубуз керек. Кандайдыр бир нерсени алардын эсине салып, туура эмес кылган иштерин коомчулукка жеткириш керек.

Мен Токмок шаарында жашап туруп жериликтүү бийликтин көп тескери, ачыкка чыкпаган иштерин көрдүм. Анан алардан көп нерсени талап кылып, шаар тургундарынын укугун коргоодон баштап кеттим. Азыр Токмок шаарында эч кандай ачык жасалган иштер жок, ал эми бийлик баарын көмүскө, өзү билгендей кыла берет. Мен алар менен эч качан тирешпейм, болгону сотко берип жеңип алган учурларым көп. Алар болсо мени ар дайым эле жамандык издеп жүргөн тыңчыдай көрүшөт.

-Укук коргоо иштеринен башка дагы чыгармачылыкка байланышкан алдыдагы пландарыңыз туурасында айтсаңыз?

-Мен өзүмдүн сүрөт көргөзмөмдү уюштурсамбы деген ойлорум бар. Көргөзмө “Эркиндик” деген темага байланыштуу болот. Ал эми саясий темадагы сүрөттөрүмдү буюрса республикалык деңгээлде өткөрүүгө аракет кылып жатам. Мен бул сүрөт көргөзмөмдү мурдагы жылы эле уюштурам дегем, кол тийбей жатат.

-Ишиңизге ийгилик каалайм.

XS
SM
MD
LG