Эртең Бишкекте Борбор Азиянын, Германиянын жана АКШнын аскердик жана жарандык саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү үч күндүк семинары башталат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы аскердик-жарандык кызматташуу, кыйроолор учурундагы медицина жана санитардык эпидемиологиялык кызмат тууралуу маселелер семинардын башкы темаларынан болмокчу. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. (ZKo)