Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

БИШКЕК МЭРИЯСЫ ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА КАРШЫ


Бишкек мэриясы “Акыйкат үчүн” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/12/1011BB99-0B60-456F-9B4E-C387890B29C3.asp кыймылы менен коомдук парламентке 29-мартта эски өкмөттүк аянтта элдик курултай --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/574E04B1-35D6-438C-BD98-3FAFC063D2D3.asp өткөрүүгө уруксат берген жок. “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов муну бийликтин атайын бут тосуусу деп баалап, курултай кандай жагдайда болбосун өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын башкы адиси Канат Султановдун түшүндүрмөсү боюнча, Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылдын 5-декабрында кабыл алынган токтомунун негизинде уруксат берилген жок:

-Себеби шаардык кеңеш бекиткен эрежелерге арыздын мазмуну жооп бербейт. Ал эрежелер боюнча курултай качан башталып, качан бүтөөрү, канча киши катышаары, кайда өтөөрү жана уюштуруучулардын даректери толук жазылыш керек эле. Экинчиден, бул Коомдук парламент юстиция органдарында каттоодон өткөн эмес экен. Өзүңүздөр жакшы билгендей, буга чейин “Бириккен фронт” митинг өткөргөндөн кийин келтирген чыгымды төлөтүүгө мэрияга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал юстиция органдарында каттоодон өткөн эмес эле. Бул уюм да эч жерде каттоого алынбаптыр жана эч кандай дареги жок. Ушундан улам уруксаат берилген жок.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов Бишкек мэриясынын чечимин атайын шылтоо деп сынга алып, арыз бардык эрежелер боюнча берилген деп билдирди:

- Мунун баары шылтоо. Коомдук уюм болгондон кийин үч төраганын атынан кат жазып, керек болсо күн тартибине чейин жазганбыз. Бул эң негизги мыйзам - Конституцияга каршы келет. Анткени Конституция боюнча курултай өткөрүүгө коомдук уюмдун укугу бар. Атайын эле каршылык көрсөтүп жатышат, бул бийликтин алсыздыгы. Эл чогулуп, пикирин ачык айтат деп сестенип жатышат. Бирок кандай болгон күндө да курултайды өткөрөбүз. Мыйзамга ылайыктап, митингге чыкпай цивилизациялуу жол менен ой-пикирибизди билдирели десек да ага каршы болуп жатышат.

Өткөн жылдын октярбрь айында жалпы элдик референдум менен кабыл алынган Конституциянын 23-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жобого ылайык Кыргызстандын жарандары элдик курултай өткөрүп, анда мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүнө баалап, сунуштарын тиешелүү органдарга берүүгө укуктуу. Ушундан улам Бишкек мэриясынын чечимин атуулдардын конституциялык укугун бузуу катары сотко берүүгө мыйзам жол берет дейт, экс-депутат Азимбек Бекназаров:

-Бул жарандардын конституциялык укугу жана ал Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияда да жазылган. Эгерде бийлик жарандардын ушул укугун бузса, элдик курултайга катышам деген ар бир жаран сотко кайрылганга укугу бар.

Шаардык мэриянын митинг, жүрүш, жыйындарды өткөрүү тартиби” жөнүндөгү өткөн жылдагы токтому Конституцияга карама-каршы деп, аны жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык Сотко кайрылган “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын баамында, аталган токтом жокко чыгарылмайын адам укуктарын басмырлоо улана бериши толук мүмкүн:

- Юридикалык жактан каттоодон өткөрүү деген чоң мааниге ээ эмес. Негизинен коомдук уюмдар же жарандар бир пикирге келсе, эч кандай каттоосуз эле иш-аракеттерин жүргүзө берсе болот. Курултай дагы тынч пикет, митинг, жыйындардын катарына кирет. Ага тыюу салуу туура эмес. Анткени ал токтом саясий чечим менен кабыл алынган. Ал токтом жокко чыгарылмайынча адам укуктарын бузган ушундай чечимдер дагы көп жолу кабыл алынышы ажеп эмес.

Коммунисттик партиянын мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков болсо мэриянын бул чечими элдин нааразылыгын күчөтүп, чечкиндүү кадамдарга түртүшү ыктымал деген ойдо:

- Бул болгон, башыбыздан өткөн да! Акаевдин убагында курултай өткөрбөсүн деп аксылыктарды депортация кылган учурлар да болгон. Анын аягы 24-март менен бүткөн. Мен бийликтин сабак албай жатканына түшүнө албай турам. Мына биз кандай демократиялуубуз деп айтып коюп, башка жагынан элдерге сөз сүйлөбө, курултайга барба деп айтып отурсак бийликке элдин ишеними кетет. Ишеним кеткенден кийин эл оппозицияга оойт. Оппозицияга кеткенден кийин “тойдук сага, андан көрө башка балага добуш беребиз” деген чечимге келет.

XS
SM
MD
LG