Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

12:30 “Ар-Намыс” партиясынын жаштары Абийир коомдук декларациясын иштеп чыгышты


Аталган саясий партиянын жаштар канатынын бүгүн тараткан кайрылуусунда бул документ “Кыргызстандагы азыркы саясатчыларга жана болочоктогу саясий элитага өз мамлекетинин мүлкүн уурдап-тоношуна тыюу салууну” көздөй тургандыгы айтылат. Эгерде паракорчулук тыйылбаса өлкөдө жаңы толкундоолор болушу ыктымалдыгы, жаштар анын алдын алууну максаты кылып жатканы баса белгиленет. Абийир коомдук декларациясы он беш бөлүктөн турат жана ага кол койгон адам өзү коррупцияга малынбай, бул көйгөй менен күрөшүүдө колунан келген баардык чараларды чукул көрүүгө милдеттеме алат. Партиянын жаштар канатынын лидери Азамат Жаңыбаевдин маалымдашынча документ жакында Коомдук парламенттин талкуусуна коюлат жана декларациянын тексти партиянын сайтына жана блогуна ачык жайгаштырылып, өлкө башчысынан тарта жергиликтүү аткаминерелерге чейин жана оппозиция лидерлерине кол коюуга сунушталмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG