- Бүгүн Коомдук парламенттин экинчи жыйыны болот. Анда негизинен өткөн биринчи отурумдан бери кандай иштер болду, ошол жөнүндө кыскача маалымат берилип, андан кийин негизги тема Кыргызстанда 2005-жылы мартта болгон окуялардан берки абал кандай, кандай жакшы жылыштар, кандай кемчиликтер бар, дегеле кырдаал кандай болуп калды, мындан ары кандай болот деп ар кандай эксперттер, анын ичинде партиянын жетекчилери, көз карандысыз коомдук саясий ишмерлер өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, ошонун тегерегинде талкуу болот. Акырында резолюция кабыл алынат. Ал көбүнчө талдоо, баалоо жана сунуш иретинде берилет.
- Бул күнү кабыл алынган чечимдер бийликке сунушталабы же маалымат каражаттары тараткан маалымат менен чектелесиздерби? Себеби Жогорку Кеңешке альтернативалуу болуп иштеп жаткан коомдук парламентте каралган маселелер менен чечимдер бийлик үчүн да, коом үчүн да кызыктуу жана пайдалуу деген пикир эл арасында күчтүү эмеспи?
- Ооба, өзүң так даана белгилеп кеткендей, биз буюрса кабыл алынган өзүбүздүн чечимибизди сунуш иретинде басма сөзгө да жарыялайбыз, эл арасына таратабыз, андан кийин бийликтегилерге да жиберебиз. Биз башынан эле Коомдук парламент мамлекеттик бийлик эмес деп айтып келгенбиз. Тилекке каршы, аны кабыл албай атпайбы. Коомдук пикирди талдап, баалап жана ошонун сунуш иретинде жыйынтыгын чыгарган статусубуз бар да. Эгерде бийлик аны кабыл алып, жыйынтыктаса жакшы болот эле. Түпкүлүгүндө мамлекеттик, расмий бийлик коомдук уюмдар, бирикмелер, түзүмдөр менен эриш-аркак иштегени туура. Ал биздин Конституцияда, мыйзамда да жазылган. Демек эки тараптуу өз ара байланыш болгону туура болоор эле.
- Коомдук парламентти түзүү Кыргызстандын Конституциясы баш болгон бир катар мыйзамдарына карама-каршы келет деп Адилет министрлиги расмий түрдө билдирди. Бирок коомдук уюм катары иштей бере тургандыгын укук коргоочулар да дароо жарыя кылышты. Мындай карама-каршылыктарга карабастан иштеп жаткан коомдук парламентте иштөөгө калк арасында кызыккан атуулдар көп деген маалымат бар. Ошонун чындыгы барбы? Азыр парламент мүчөлөрүнүн саны канча адамга жетти жана алардын максаты эмне? Жалпы кызыкчылык аныкталып, бекемделдиби?
- Дагы бир ирет өзүң абдан туура айтып кеттиң, Коомдук парламент жөнүндө ар кандай пикирлер бар. Адилет министрлигинин көз карашы баардыгына белгилүү. Биз мурда айткандай бир эле биз эмес, көз карандысыз эксперттер, чет өлкөлүк адамдар да айткандай, биздин Конституцияга туура келет, ушул маанайда азыр эл арасында кызыгуу абдан күч. Биз өзүбүз дагы ар кайсы чөлкөмдөрдө болуп эл аралап келдик, ал жакта да ишенич абдан жакшы болуп атат, биз дагы кирсек, кошуп алсаңыздар деген, атүгүл жер-жерлерде өздөрүнчө жергиликтүү уюмдарын да түзөлү деген дагы аракеттер көп болуп атат. Ошону эске алып биз Коомдук парламенттин буга чейинки 50 адамдан турган курамын 75ке чейин көбөйтөлү деген ой бар, бүгүн ошол маселе каралат.
- Коомдук парламентте каралган маселелер 29-мартта өтөт деп жаткан элдик курултайдын да күн тартибине киргизилеби жана Коомдук парламент курултайдан кийин дагы кандай ири жыйындарды өткөрүүгө кол кабыш кылат?
- Сөзсүз бүгүн болчу кеп-сөз, талкуунун жыйынтыктары кайсы бир деңгээлде 29-мартта болчу курултайга карата даярдыктын бир түрү катары эсептелиш керек. Биздин максатыбыз цивилизациялык жол менен бет маңдай отуруп ачык-айкын сүйлөшүү. Биз сөзсүз жыйырма тогузунда маалымат берип, андан кийин жер-жерлерге чыгып эл арасында түшүндүрөбүз. Жашыра турган эч нерсе жок, анткени баардыгы мыйзамга, ыйман, абийирге туура келет.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Бүбүкан Досалиева