Аны Москвадагы кыргыз жаштарынын “Жаш толкун” бирикмеси уюштурууда. Ага Орусиядагы кыргыз мигранттарынын ичинен сулуу деген бийкечтер катышат. Сынак Орусиядагы кыргыз диаспораларынын ролун жакшыртып, кыргызстандыктар менен орусиялыктардын ортосундагы маданий жана социалдык алакаларды өнүктүрүү максатын көздөйт. Иш чарага космонавт Салижан Шарипов жана “312” музыкалык тобу, жаш ырчылар да катышаары кабарланууда.(SM)