- Бийликти бир колго топтоо менен диктатура бүгүн жалгыз калды. Аларды азыр эч ким колдобойт. Сиздер азыр жаштардын кыймылдары уюшуп, саясий күчтөр биригүүгө аракет кылып, диктатураны жарга такап калганын билесиздер. Ошол себептүү мен буларды тамаша иретинде колдоп чыгайын дедим.
Өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар соңку кездерде адам укуктары кыйын абалга туш болгонун айтышып, тамаша иретинде кызыктуу акцияларды өткөрүп, анысы менен бийликти ашкере кылган Максим Кулешов тууралуу жылуу сөздөрүн айтышууда. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бүгүнкү күндө адам укуктары болуп көрбөгөндөй тепселүүдө:
- Жалпысынан алганда өлкөдө адам укуктары жана эркиндиктери тепселип атат. Ысыккөлдө “Карек” укук коргоо уюмун, алардын жетекчиси Эркингүл Иманкожоева, Бактыгүл Иманкожоеваны жана алардын шериктерин жергиликтүү аким, прокурор кылмышкер катары көрсөтүшүп, сабап, абал кыйын болуп атат. 17-мартта биздин уюмдун юристи Ашыровдун эшигин өрттөп кетишти. Таласта болсо укук коргоочулар Арзыкан Момунтаева, Лира Тантабаева сыяктуу белгилүү укук коргоочулар куугунтук жегендери үчүн үчүнчү өлкөлөрдө качкын деген статус алганга мажбур болуп атышат. Мындай Кыргызстанда эгемендик алгандан кийин эч бир болгон эмес. Бүгүн Максим Кулешов тамашалап диктатураны колдойбуз деп чыкса милиция кармаган жок. Чынында бийликтегилер, күч органдары диктатураны ачыктан-ачык колдоп атышат.
Ал эми бийлик өкүлдөрү демократия жаатындагы иштерде жылыштар бар экендигин айтып келатышат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, адам укуктары, демократия жаатында жылыштар бар, бирок бул иштер акырындан жүрүп жаткандыктан азырынча көзгө көрүнө элек:
- Абал дагы деле начар бойдон калып келген болчу. Бирок президенттин реформалар тууралуу акыркы демилгесинен кийин жылыштар бар. Ушул мамлекеттик укук коргоо органдарында реалдуу реформа боло элек. Кичине аракеттер бар, бирок бизди бул канаатандырбайт.