Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

13:28 Бүгүн - Расалык дискриминацияга каршы күрөшүүнүн эларалык күнү


1960-жылдын бул күнү Түштүк Африкада кара түстүү калкты кемсинткен чечимдерге каршы тынч митингге чыккан элдин ичинде 69 адам полициянын огунан өлгөн. Алты жылдан кийин Бириккен улуттар уюму бул күндү Дискриминацияга каршы күрөшүүнүн күнү деп атап, ошондон бери уюм дүйнө коомчулугун элдерди расасы боюнча бөлүүгө каршы үндөп келатат. Анткен менен Дүйнөлүк Коомчулук Пикири аттуу уюм жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында көптөгөн мамлекеттерде азырга чейин адамдарды түсүнө карата бөлүп, кемсинтүү көрүнүшү күч экени, ага каршы күрөшүүдө өкмөттөр чечкиндүү аракеттерди көрүш керек экени айтылды. Коом пикирин иликтеген изилдөөлөр жалпы дүйнө калкынын 58% түзгөн 16 мамлекетте аталган уюм жана анын шекриктештери тарабынан жүргүзүлгөн. (TD)

XS
SM
MD
LG