Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

13:30 Элдик курултай 12-апрелге жылдырылды


“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы президент Курманбек Бакиев мекенине кайтып келгенден кийин Элдик курултай өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышканын бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, президент жокто Элдик курултай өткөрүлсө бийлик тарабынан ар кандай күч колдонулуп,курултайды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ошондой эле коомчулукта айтылып жаткан президенттин айланасындагы ар кандай ушак-айыңдардын чын-төгүнү тастыкталгандан кийин курултай өткөргөн жөндүү, дешет “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрү. Буга чейин аталган кыймыл 29-мартта республиканын бардык аймактарынан эки миңге чукул делегаттын катышуусунда Элдик курултай өткөрүүлөрүн маалымдап келген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG