Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ирактын түштүгүндөгү уруштарда кеминде кырктай киши каза тапты


Расмий маалыматка караганда, дагы 200дөй адам жаракат алды. Басра шаарында Ирактын коопсуздук күчтөрү шийиттердин радикал имамы Моктада ас-Садрдын согушкерлери менен кармашууда. Шаарды көзөмөлдөөнү ас-Садрдын "Мехди" деп аталган армиясынан алуу үчүн Басрада миңдеген ирактык аскерлер жайгаштырылган. Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики Басрадагы операцияны шаарды криминалдар менен террорчул күчтөрдөн тазалоо аракети катары мүнөздөп, бүгүн согушкерлерге куралын өткөрүүгө 72 саат убакыт берди. Ал эми ас-Садр бүгүн өкмөттү сүйлөшүүгө чакырып, премьер-министр Нури ал-Маликинин Басрадан кетүүсүн талап кылды.

Багдадда болсо ирактык жана америкалык күчтөр башкааланын Садр шаар деп аталган аймагында кагылышты. Бул жерде эки күнгө созулган уруштарда, расмий маалыматка караганда, кеминде 15адам өлүп, 100дөйү жаракат алган. Ас-Садрдын "Мехди" армиясы былтыр августан бери жарашуу жөнүндөгү макулдашууну сактап келген эле, бирок кырдаал жакында алардын бир катар жактоочулары камакка алынган соң өзгөрдү.

XS
SM
MD
LG