Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

БЕНЗИН КЫМБАТТАДЫ


Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күн санап кымбаттоодо. Майбекет ээлери буга дүйнөлүк мунай базарында баалардын өсүп жаткандыгы себеп дешет. Ошол эле учурда баалар жазгы талаа иштерине байланыштуу кымбаттап жатат деген пикирлер да бар.

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майдын баалары көтөрүлгөндөн көтөрүлүп келүүдө. Ушул тапта май бекеттердеги баалар жыл жаңыраар алдындагы баа менен салыштырганда 3-4 сомго кымбат. Алсак борбор калаадагы май куюучу бекеттерде А-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 25 сом, жогорку октандык Аи-92 үлгүсүндөгү бензин-27 сом 50 тыйын, Аи-96 үлгүсүндөгүсү-29 сом 50 тыйын турат, шаар сыртындагы айрым майбекеттерде 30 сомго чейин чыкты. Ал эми дизелдик күйүүчү майдын 1 литри 28-29 сом. Бул жалпы май бекеттердеги баалардын орточо көрсөткүчү. Ал эми облустарда, алыскы аймактарда баалар мындан да жогору. Ошто Аи-93 бензини–28 сом 50, А-80 үлгүсүндөгүсү 26 сом 50 тыйын, дизелдик күйүүчү май 27 сом 50 тыйын турат.

Өкмөт убада кылган 20 сом 50 тыйындык күйүүчү май кана?

Күйүүчү майдын кымбаттаганы дыйкандарды да тынчсыздандырууда. Жазгы айдоо иштери күчөп турган мезгилде баалардын көтөрүлүшүнө капа болгон Таластын Карабуура районунун тургуну, дыйкан Анарбай Корчубеков өкмөт жыл сайын дыйкандарга бул жагынан жардам беребиз деп коюп, анысы сөз жүзүндө гана калып жатканын айтат:

-Эл менен эчкимдин иши жок. Салык, суу акысын, жер акысын төлөө учуру келгенде эле чуркап келишет “Келе, акча” деп. Баягүнү губернатор келип айтып кеткен “Жолдо келатыры, 5-апрелге чейин келет. 20 сом 50 тыйындан беребиз” деп. Көрөбүз, күтүп атабыз ошону.

Таласка коңшулаш жайгашкан Казакстандан түрдүү жолдор менен күйүүчү май келип тургандыктан, анын баасы Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу арзаныраак. Бирок салыштыра келгенде айырма деле жок. Облустун бажы башкармалыгынан алынган маалымат боюнча жыл башынан бери 2791 тонна бензин жана 500 тонна дизелдик күйүүчү май келген. Ал эми контрабандалык жол менен келген күйүүчү майдын өлчөмү тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Алмаз Момбеков маалымат берген жок.

Талас шаарында жол жээкте туруп күйүүчү майды чакалап өлчөп саткан сатуучулар аны Жамбылдан алып келип сатышат. Алардын бири Кудайберген Жунусбеков мындай жол менен саткан сатуучулар 1 сом эле пайда көрүшөрүн “Азаттыктын” кабарчысына айтып берген.

Күйүүчү май кымбаттаса жол кире көтөрүлөт

Таластагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын кызматкери Ербол Алишеров башка айла жок, деп кол куушурат. Ал эми Талас-Бишкек канжолунда жүргүнчүлөрдү ташыган таксисттер бааны 50 сомго кымбаттатышты:

-Мурда 250 сом болчу, май кымбаттаганына байланыштуу 300 сомго чыгардык, -дейт айдоочу Урмат Молдалиев.

Өзүңдө жок болсо, ааламда жок

Күйүүчү май баасынын кымбатташы дүйнөлүк базарда мунай баасынын көтөрүлүшүнө байланыштырылууда. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөлүк биржада чийки мунайдын бир баррели 115 долларды чапчыды. Кыргызстандагы күйүүчү май баасынын көтөрүлүшүнө негизги себеп –мына ушул болуп жаткандыгын нефтемагнаттар баса белгилешүүдө.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоо жагы Орусиянын “Газпромнефть Азия” компаниясынын колунда. Акыркы эки жылдан бери аталган компания бул тармакты дээрлик колго алган. Орусиянын компаниясы Кыргызстандын күйүүчү май базарында иштеп баштагандан бери баалар мурдагыдай чоң секирик жасабай калгандыгын билдирген “Нефтрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов күйүүчү май жазгы талаа жумуштары учурунда кымбаттабай тургандыгын айтып келген. Бирок учурда Орусиянын өзүндө да баалар күн санап өсүүдө. Орусиялык ишкерлер баа бир жыл ичинде 3 пайызга жакын кымбаттаганын белгилешүүдө. Базарбай Мамбетовдун айтуусунда Орусия Кыргызстанга саткан бааны көтөрдү:

-Бир тоннасын 670 доллардан алып жатабыз. Бирок азыр Орусия күйүчү майдын тоннасын 710 доллардан аласыңар, деп баа коюуда. Ал эми Казакстан да мындан да кымбат менен сунушташууда. Биздин нефть ишкерлеринин баа көтөрүүдөн башка аргасы жок, -дейт Базарбай Мамбетов.

Айрым адистер дүйнөлүк базарда чики мунайдын баасы эпсиз кымбаттап жатканы –дүйнөлүк мунай күркүлдөрүнүн бааны куру асмандатып жибергенинен улам болууда деп белгилешет. Эл аралык экономика агенттигинин башкы экономисти Фэйт Байрол мунай баасы өздүк баасынан 5 эсе кымбат болуп жаткандыгын жазып чыкты. Анын айтуусунда нефтинин 1 баррели 20 доллардан ашпоого тийиш. Эл аралык башкы экономист баалардын өсүшүнө негизги себеп –болуу ыктымалдыгы күтүлүп жаткан АКШ-Иран согушу деп эсептейт. Чийки мунай буга чейин өткөн кылымдын 70-жылдары кымбаттаганын белгилешет адистер. 1973-74-жылдардагы араб-еврей согушунун тушунда араб өлкөлөрү мунай чыгарууну күнүнө 5 млн баррелге чейин азайтып, натыйжада дүйнө жүзү боюнча мунай өндүрүү 7% кыскарганы айтылат. Ошол учурда дүйнөлүк байкоочулар күйүүчү майдын баасы андан ары арзандабайт, деген тынчсызданууларын билдиришкен. Бирок 80-жылдардан тартып, күйүүчү майдын баасы кайра ылдыйлаган.

Бул жолу да мунайдын баасы канчага чейин өсүп жетээри тууралуу божомолдор жок болууда. Эгер күйүүчү майдын баасы арзандабаса, бул азык-түлүк, өнөр жай товарларынын жана тейлөө акыларынын да өсүшүнө алып келери турулуу иш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG