Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

ЭМИ ТЕЗЕК ЖАККЫЛА!


Президент К.Бакиев бүгүн аткаруу бийлик жетекчилери менен өлкөдөгү экономикалык жагдайды талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда быйылкы жылга болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылбай калыш коркунучу бар экендиги белгиленди. Жаңы жылдан бери инфляция деңгээли 6% ашып, соода алака-катышындагы ажырым дагыле чоң бойдон калууда.

Бир айга чукул Алманияда дарыланып эс алып келген мамлекет башчы К.Бакиев өзү тууралуу аркыл ушак-айың кептер чыкканын, айрымдар президент ордуна окшош бирөөнү отургузуп койду шек алып жатышканын маалымдады.

- Мүмкүн бирөөлөр К.Бакиев бул жерде отурганына ишенбей жаткандыр. Кеңешмеден кийин кол алышып, ишенип кетишсе болот. Менби же маага окшош бирөөбү тактап алышсын. Окшош бирөө дегенди таап алышыптыр, бул эми...

Президент өзү тууралуу учурма кептердин чыгышы сөз эркиндигинен улам болуп жатканына, өлкөдө энооздук күчөп жатса Башкы прокуратура уйку-соо отурганына, президенттик акимчиликтин пресс-кызматынын ишине ичи чыкпастыгын жашырган жок. К.Бакиевдин айтуусунда, өкмөт мүчөлөрүнүн биртобу да алигече уйкудан ойгоно элек. Аны энергетика тармагын менчиктештирүү тууралуу мыйзам долбоорунун, “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдердин эмдигиче парламенттен өтпөй турганына байланыштырды.

Суунун аздыгынан ушу тапта өкмөт электр энергиясын пайдалануу лимитин 12% кыскартып, маал-маалы менен аны өчүрүүгө өттү. Муну элге түшүнүктүү тилде айтып бериш керек, деп айтты К.Бакиев.

- Жанакы тезектер менен жагыш, тезектер даярдаш. Район, облус жетекчилери, айыл өкмөттөр ушуну эмитен эске алышы керек. Аны биздин элибиз туура түшүнүп, туура кабыл алышы керек. Буга даяр болгула! Муну айтыш керек! Жок дегенде бир ай мурун айтыш керек. Онбеш күн мурун айтыш керек! “Светиңер өчөт! Мынча сааттан мынчага чейин болбойт! Себеп дегенде абал ушундай”.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов мындан ары мамлекет Бишкек жылуулук борборуна жардам акча бөлүп бере албастыгын белгилеп, ишкананы менчиктештирүүнү тездетиш зарылдыгына токтолду.

- Ошондуктан өкмөттүн жакынкы отурумунда Бишкекти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу акысын көтөрүү боюнча маселе каралат. Андан тышкары биз беш жылга эсептелген тарифтерди орточо алганда жылына 12% көтөрүү боюнча программа кабыл алышыбыз керек.

Быйыл үч айда Кыргызстанда ички дүң продукт 28 миллиардга бираз жете бербеген сомду түздү, экономикалык өсүш 6% чыкты. А бирок аны ээрчий келген инфляция деңгээли да болжолдогондон итапкан ашып түштү. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, болжолдонуп жаткан газ менен электр энергиясына тарифтер көтөрүлсө инфляциянын чырагына май тамары турулуу иш.

- Эгер эки фактор биригип келсе инфляция деңгээли да мурда белгиленген 12 – 15% чектен ашып кетиши мүмкүн.

К.Бакиев кыйладан бери талаштан башы чыкпай келаткан Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга 49 жылга ижарага берүү керектигин айтты. Өкмөт мүчөлөрүнө бул маселени элге, маселени маалкатып чечпей келаткан депутаттарга түшүндүрүү милдетин такты.

XS
SM
MD
LG