Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

12:59 У. Бабакулов: Журналист С. Каназаровду суракка алуу менен УКМК пас деңгээлин көрсөтүп жатат


Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери журналист Султан Каназаровду 18-мартта “Фергана.ру” маалымат агенттигинин сайтында жарыяланган “Кыргызстан президенти катуу оорулуубу?” деген макаласы үчүн бир нече жолу суракка алганын агенттиктин редактору Даниил Кислов жазып чыккан. “Эркиндик үнү” гезитинин баш редактору Улугбек Бабакуловдун айтымында, УКМК көз карандысыз журналистти суракка алуу менен мыйзамдарды жана журналисттердин иштөө тартибин билбей, күчкө таянып гана маалымат алууну көздөгөнүн көрсөтүүдө. “Биринчиден, Султан Каназровдун макаласынын аталышы тастыктоо эмес, суроо түрүндө. Бул суроо коомчулукка да, тиешелүү чиновниктерге да багытталган, себеби алар президент Бакиевдин абалы тууралуу маалыматты жащырып туруп алышты. Президент Бакиев болсо Германиядан келгенден кийин муундарын дарылаганын айтты. Экинчиден, журналист чынында эле ММК тууралуу мыйзамды бузуп алган болсо, анда эмнеге бул маселе менен прокуратура алектенген жок? Ушунун баары УКМКнын деңгээлин көрсөтүүдө”, - деди Улугбек Бабакулов “Азаттыкка”. Коопсуздук кызматы “Фергана.ру” маалымат агенттигинин Кыргызстан боюнча кабарчысы жана “Репортер-Бишкек” гезитинин баш редактору Султан Каназаровду суракка алынышы боюнча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартууда. (JTo)

XS
SM
MD
LG