Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Туризм бир эле күндө өнүкпөйт


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Жайкы туризм сезонунун ачылышына аз гана убакыт калды. Ага даярдыктар кандай болуп жатат? Бул маселе боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна туризм --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/24069a0c-a3c1-495a-8e9b-cbb0e1a2fad3.asp агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев жооп берди.

-Турусбек мырза, ушул айдын аягында туризм жарманкеси өткөрүлөт экен. Ушул иш-чарага даярдыктар кандай болуп жатат? Былтыркы жылга салыштырмалуу бул жарманкени өткөрүүдө кандайдыр бир өзгөчөлүктөр болобу?

-Биз азыр ушул туристтик жарманкени өткөрүүгө катуу даярдыктарды көрүп жатабыз. Себеби туристтик сезондун башында турабыз. Бул жарманкенин былтыркы жылдагыдан айырмасы - биз бул туристтик жаманкенин негизинде Биринчи эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөргөнү аракет кылып жатабыз. Себеби бул кол өнөрчүлүк менен туризмдин максаты бир. Биздин туристтик продуктун бир элементи - сувенирлер деп айтабыз. Ошон үчүн бул туризм менен бирге сөзсүз түрдө кол өнөрчүлүктү унутпай, тартып алып кетүү керек.

Ошону менен катар Кыргызстанда улуттук өндүрүштү көтөрүү негизги максат. Ошонун негизинде биз туризмди гана өнүктүрбөстөн, кол өнөрчүлүктү жетелеп кетүү максатында бул фестивалды өткөрүүгө аракет жасап жатабыз. Бул фестиваль эл аралык болот. Ага Кыргызстандан гана эмес, бардык каалаган өлкөлөрдөн келип катышышы мүмкүн. Кыргызстандагы мүмкүн болгон элчиликтердин бардыгына кайрылдык, алар жардам берүүдө. Буюрса жакшы деңгээлде өтөт деген ишеничибиз бар.

-Турусбек мырза, Кыргызстанда тейлөө кызматы эл аралык деңгээлде болбогондуктан туристтердин агылып келишине бөгөт болуп жатканы айтылып жатпайбы. Азыр ушул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?

-Эми бул маселе бир эле күндө чечилчү маселе эмес экен. Муну баягы өзүбүздүн иштеги катачылыктарды үйрөнүп, биздин адисттерди чет өлкөгө чыгарып, окутуп, жогорку сапаттагы сервиске жетүүгө аракетибиз бар. Муну дагы моюнга алышыбыз керек.

-Сервис демекчи, мына мындан он чакты жыл мурун маселен Чехия Евробиримдикке киребиз дегенде, бул өлкөдөгү дааратканалар талапка жооп бербей, туристтерди качырат деп Евробиримдик мүчө кылуудан баш тарткан. Ошондо Чехиянын өкмөтү көп суммадагы инвестиция алып, дааратканаларын оңдоткон экен. Ал эми Кыргызстанда туристтерди тартуу боюнча бул маселе кандай чечилет? Мисалы, Бишкектен Чолпонатага чейин бир дагы талапка ылайык ажааткана жок.

-Ооба, бул чындык, муну моюнга алыш керек. Бизге келген коноктордун бардыгы бетке айтып жатат. Бирок туризм деп ошол жакка көп көңүл буруп жатабыз дагы, кичинекей маселени унутуп коюп жатабыз. Бул деген чындыгында эле туризмдин өнүгүшүнө өтө жолтоо болуп жатат. Бизге келгендер нааразы болуп кетүүдө. Биз ошол Чехиянын тажырыйбасын алышыбыз керек.

Азыр колдон келсе тез арада бул маселени чечпесек, чындап эле бул бизге жаман реклама болуп калышы мүмкүн, болуп эле жатпайбы. Муну биз билебиз. Эми муну биздин Туризм агенттиги чечпейт экен. Бизге ушундай талап коюп, шарт түзүп берсе, биз жасайт элек. Бирок бул биздин колдон келе турган иш эмес. Муну жергиликтүү бийлик чече турган маселе экен.

-Эми ошол жергиликтүү бийлик тараптан кандайдыр бир аракеттер болуп жатабы?

-Азырынча жок. Биз муну айтып жатабыз. Кечээ жакында эле коллегиялык жыйын өткөрдүк, уялбастан бул маселени айтып жатабыз. Ошол жерде бардык гезит, журнал, сыналгы-үналгыдан журналисттер отурду. Тынбай эле, жыл сайын кайталап айтып жатабыз. Бирок биздин үнүбүз, биздин айткан сын-пикирлерибиз жетпей жатат. Биз гана эмес, коомчулук дагы айтып жатат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG