Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

НАТО: САММИТ КҮНДӨЛҮГҮ


НАТОнун саммити баштала элек жатып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан маселелер кандай чечилээри дээрлик айкын болуп калды. Уюмдун маалымат катчысы кечээки сый тамактан кийин билдиргенине караганда, бул жолу Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планы сунуш этилбейт, Македония болсо альянска кирүү чакырыгын азырынча албайт.

“Азаттыктын” Бухаресттеги кабарчысы Наталья Чурикова билдиргенине караганда, бир аз мурда НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер сөз сүйлөп, альянс Украина менен Грузиянын уюмга мүчө болуп кирүү ниетин колдойт. «Эми алар менен интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана эки өлкөнүн Мүчөлүк аракет планына кирүү даярдыгына жыл этегинде, альянстын тышкы иштер министрлери чогулганда баа берилмекчи», - деди Схеффер.

Кечээ кечинде НАТОнун маалымат катчысы Жэймс Аппатурай буларды билдирген эле:

-Мен жаңылышсам, кубанат элем, бирок Бухарестте Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планы сунуш этилет деп ойлобойм.

Саммиттин алдында АКШ президенти Жорж Буш Кивете болуп, Украина менен Грузиянын блокко кошулуу ниетин кубаттай турганын билдирген эле:

-Биз Украина менен Грузияга Мүчөлүк аракет планынын сунуш этилишин колдойбуз. НАТОго умтулуп жаткан Украинага жардам берүү – альянстын ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгына дал келет. Бул – региондогу, бүт дүйнөдөгү коопсуздукту жана эркиндикти камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындай билдирүүгө Москва терс реакциясын билдирди. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров апта башында АКШны мурдагы советтик жумурияттарга “жылжып кирүү” аракетин көрүүдө деп айыптаган.

Альянстын өзүндө да бул маселеде башкача көз карашты кармангандар жок эмес. Германия жана Франция Киев менен Тбилисини Мүчөлүк аракет планына киргизүү азарыныча эртелик кылат деген ойдо бекем турушат. НАТОнун сөз болгон планына камтылуу уюмга мүчө болуп кирүүгө жол ачат.

Париж менен Берлин аргумент катары Грузиядагы чечилбей келаткан аймактык талаштарды, Украинадагы калың элдин НАТОго каршы экенин, Россия менен конфронтацияга барбоо керектигин келтиришет.

Бухарест саммиттинде Хорватия менен Албания альянска кирүү чакырыгын алышаары айкын болуп калды. Македония болсо дагы күтө турууга тийиш.

-Альянстын мүчөлөрү Македония Мурдагы Югослав жумуриятына мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо мүмүкүнчүлүгү берилиши керек деп, бир добуштан колдошот. Бирок грек делегациясы өлкөнүн аталышы боюнча талаш жөнгө салынмайынча, ал мүмкүн эместигин ачык билдирди, - деди уюмдун маалымат катчысы Аппатурай.

Бийик жолугушуунун күн тартибиндеги дагы бир маселе – Ооганстандагы согушутук аракеттер.

НАТОнун маалымат өкүлү шаршебиде кабарлагандай, Франция Ооганстандагы операцияга олуттуу салым кошоорун жарыялады. Атап айтканда, Париж чыгыш Ооганстанга кошумча аскер жөнөтмөй болду. Ал жерде жайгашкан канадалык контингент альянс согуштук аймакка көбүрөөк жоокерлерин жиберүүгө тийиш деген талабын койгон эле.

XS
SM
MD
LG