Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

ЖАЛАЛАБАТ ШААР БАШЧЫСЫНЫН СОҢКУ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫ


Ырысбай Адыраимов, Жалалабат 3-апрелде Жалалабат шаар башчысы Дүйшөналы Мамасалиев кызматынан кетээр алдында маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында эки жыл шаарды башкарган убагындагы иштерди ортого салды. Анда Жалалабаттын айрым кичи райондорундагы көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Митингдерди шаардан окчун жайларда өткөрүү жөнүндөгү шаар кеңешинин сессиясына камтамалар айтылды. Экс-мэр ал токтомдорду колдоорун жана анда бардык адамдардын укуктары эске алынганын билдирди.

Маалымат жыйынында социлдык-экономикалык багыттагы маселелер тууралуу сөз болду. Дүйшөн Мамасалиевдин ырасташынча эки жыл мэр кызматында турганда шаар тазарып, жыл башынан 2 миллион сомдон ашык салык чогултулду. Үй-жай алуу үчүн кезекте 5 миң адам тургандыктан үч жерде көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды. Шаар тургуну Жыпар Жуманалиеванын айтымында, борбор көчөлөр таза болгону менен чет жакта ыңгайсыздыктар арбын:

- Эки жылдан бери эркин эмес кайра коркуп жүрүп калдык. Транспорт аябай көп. Шаар аябай акыр-чикирге толуп кетти. Күнүгө акыр-чикирлерди аралап өткөнгө туура келет.

Облустагы балдардын билимин өркүндөтүү борбору талашта турат. Шаар кеңешинин токтому менен имарат прокуратурага берилгендиктен он бир ийрим иштеген борбор арсар абалда. Деректирдин орунбасары Анара Алимованын ырасташынча мэрдин көрсөтмөсү менен методикалык кааналарды элдик кошуун ээлеп алган:

-Бул методикалык кабинет. Бул үч бөлмөлүү. Элдик кошуун тарабынан алынган. Үч жылдан бери биздин имарат жабык турат. Бирок мэр тарабынан уруксат берилген деп ушуга чейин кабинетибиз ачылбайт. Тигүү кабинетинде тыгылып эптеп иштеп жатабыз. Бизге иштегенге мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Анын суроосуна шаар башчынын жообу мындай болду:

- 15-16 бала каттайт. Ал эми мугалимдери 15-16 киши. Келип эле бюджеттен акча алып туура эмес чыгаша болуп жатат.

”Сентябрь” телеканалынын кызматкери Тинатин Жусупова 90-жылдары башталган троллейбус линиясынын тагдырын сурады:

- Сүйүнгөн боюнча айтылган иш аягына чыккан жок.Эгер сиз дагы ушул кызматты а0ркалап иштеп турсаңыз троллейбус линияларын курууга шаарда мүмкүнчүлүктөр барбы?

Адам укугун коргоочу Абдымалик Шарипов менен шаар тургуну Чынара Чотурованын пикиринде митингдерди шаар Кеңешинин токтому боюнча Жалалабаттан 4-5 чакырым ыраак жакта өткөрүү адам укугун эске албагандык. Митинг жайы элдин талабын угуп, маселе чечиле турган бийликке жакын жерде болуусу керек эле:

-Митинг кыла турган, өздөрүнүн проблемаларын чече турган адамдар сыртка, шаардын чекесине, ат майданга чечим болуптур. Ошол жакка барышабы? Ошол жерге чоңдор барышабы? Туура эмес болуп калган, 3-4 чакырым аралык алыс жерге адамдар деле уюшуп бара албаса керек. Адам укугун коргош эмес, тескерисинче бизден алыс болуп, алардын проблемаларын чечпей эле койсок дегендей мааниде болуп калып жатат.

Шаар бийлиги митингдерди коомдук-маанилүү жайдан окчунураак жерде өткөрүү сунушун Шаар кеңешине берген. Мамасалиевдин жообунда сессия нааразылык акцияларын Телтору ат майданы менен Курманбек баатырдын фольклордук аянтында өткөрүүнү мыйзамдаштырып, эки тараптын тең укугун сактап калды.

Токтогул ГЭСинде суу азайып, электр кубатын иштеп чыгуу кыйындаганда троллейбус линиясын куруу мүмкүн эмес:

- Ошол жагынан биз сунушту берсек, Шаардык кеңеш Телтору менен Курманбек баатырдын фольклордук аянтка митинг өткөрүүгө болот деген чечимин чыгарып берди. Митингди мына көчөдө өткөр деп биз макулдук берсек, калган адамдардын укугун биз сактай албай калып жатабыз. Сессиянын чечимин мен колдойм. Эки жерге өткөргөнгө. Митингчилердин жана митингди колдоочулардын баардык укуктары сакталып калды,- деп айтты шаар башчы Дүйшөн Мамасалиев.

Журналисттер транспорттун көптүгүнөн базар айланасында кооптуу кырдаал түзүлгөнүн, элдүү бир нече жайларда таза суу жоктугун белгилешти. Баяндама даярдалып бүткөндө мэрдин орунбасары Турдуназир Бекбоевден Мамасалиевдин өз арызы менен кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат алынды.

XS
SM
MD
LG