Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

БАҢГИ БАРОНДОРДУ КЫРГЫЗСТАН ЖАЛГЫЗ ЖЕҢЕ АЛБАЙТ


Өткөн аптанын соңунда ири партиядагы маңзат менен кармалган Тажикстандын жараны Давлетбек Давлетбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчүн Араван райондук соту 31-мартта канааттандырган жок. Ушуга улай бийлик өкүлдөрү Оштун наркокоридорго айланганына, арам бизнеске күч органдарынын айрым кызматкерлери өздөрү аралашкандыктан, аймакта кырдаалдын курчуп жаткандыгына тынчсызданышууда. Ал эми адистер Борбор Азия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/A8EB05C2-9BD4-46E1-A985-582CA8614B2B.asp өлкөлөрүнүн күч органдары чогуу аракеттенмейинче, жалгыз Кыргызстан маңзатка каршы күрөштө алсыз экендигин белгилешүүдө.

Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орунбасары Жеңиш Жакыповдун айтымында, кесиптештери Тажикстандын жараны Давлетбек Давлетбековду артынан бир айдай аңдып жүрүп, Алай районунун борбору Гүлчөдө кармашкан.

Милиция ал минип жүргөн Нива машинесин токтотуп тинткенде, жүк салгычынан капка катылган 165 кило 485 грамм маңзат табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, айыпталуучу Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу жайында сурак берүүдө.

Өлкөн чиновник ошондой эле Ооганстан былтыр рекорддук чекти багынтып, 8200 тоннадан ашык маңзат өндүргөндүгүн, анын 24 пайызы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу ташылгандыктан, чөлкөмдүн саясий-экономикалык акыбалына терс таасир этип, а түгүл элдин генофондуна коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи:

-Эксперттер менен кеңешип көрсөк, баңги заттардын 24 пайызы Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын аймагынан өтүп жатат деген маалымат бар. Саясий жагынан да экономикага да таасир этет. Бул бирден бир жалпы элдин генофондуна чоң коркунуч түзүп жатат,- дейт Жеңиш Жакыпов.

Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин директорунун түштүк аймагы боюнча орун басары Шергозу Мырзакаримов адистердин «Кыргызстанда 625 адамдан бирөөсү гана баңги» дегенине кошулбайт. Чыныгы көрсөткүч андан да жогору болушу ыктымал. Ошентсе да, күч органдарына адашып кирип калгандар, арам байлыкка кызыккандар наркочабармандарга көмөктөшүп, же аларга тымызын колдоо көрсөтүп жаткандыгына кабатыр:

- Эми бул 625 адамдын бирөөсү наркоман деген менин көзүмө аз көрүнүп турат. Акыйкаттан бүгүнкү күндө күч органдарынын арасында таза эмес деген адамдар бар. Арам жол менен байлыкты ашырайын дегендер бар. Негизги себеби алардын психологиясы бузулган жана ички органдын тармагына адашып кирип калган кызматкерлер.

Жергиликтүү адис Керим Калыгулов ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалгандар сотко барганда эле жеңил жазаланып, же акталып кеткен фактыларды эске салып, Тажикстандын жараны Давлетбек Давлетбековду да кудум ушундай тагдыр күтөөрүнөн шек санабай тургандыгын билдирди. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч органдары чогуу аракеттенмейинче, жалгыз Кыргызстан маңзатка каршы күрөштө алсыз экендигин кошумчалады:

- Азыр биздин Кыргызстанда баңги зат боюнча, айрыкча түштүк жергесинде, наркотиктин коридору пайда болгону элди көп тынчсыздандырат. Наркотикти ташууга каршы улуттук программа да жок. Күчтүү мыйзамдык база да жок. Борбор Азиянын күч органдары биригип иш кылбаса, жалгыз Кыргызстандын күчү жетпейт.

XS
SM
MD
LG