Вашингтондо болгон жыйынга бир катар өлкөлөрдүн министрлери, Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги катышып, баалардын өсүшүнө каршы чара көрүү маселесин талкуулашууда. Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик азык-түлүккө баанын өсүшү жарды өлкөлөрдө ачкачылык жана массалык тополоңдорго алып келиш ыктымалдыгын эскертти. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, акыркы айларда эле күрүчкө баа 75%, буудайга 120% көтөрүлгөн.