Бул тууралуу билдирген аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер ишемби күнү өткөн Элдик курултайга байланыштуу көз караштарын ортого салышат. “ Жалпы жонунан курултай жогорку деңгээлде өттү. Бирок УТРК, ЭлТР, Пирамида телекомпаниялары Элдик курултай тууралуу элге маалымат бербегени өкүнүчтүү. Муну менен бийлик маалымат каражаттарын өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, элдин эркин ой айтуусун чектөөдө”, -дейт Жекшенкулов. (AJ)