Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

С.АЙТУРГАНОВ: КАЗАК ТАРАПТЫН ПАНСИОНАТТАРДЫ ТАЛАП КЫЛГАНГА УКУГУ ЖОК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Ысыккөлдөгү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E770A51A-2B81-4660-B8E6-6C242DE91583.asp талаштуу төрт пансионаттын тегерегиндеги айрым суроолорго экономика илимдеринин кандидаты, Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы кызматкери, КМШ мамлекеттер ортосунда менчик мамилелеринин жөнгө салуу боюнча келишимдерди даярдоодо эксперт болуп катышкан Саткын Айтуганов жооп берди.

-Саткын мырза, белгилүү болгондой өткөн жума күнү парламент Ысыккөлдөгү төрт пансионатка байланыштуу кыргыз-казак макулдашуусун ратификациялады. Бул келишим мурдагы парламенттер тарабынан колдоо таппай келаткан. Бирок мамлекеттик мүлк фонду бул пансионаттар мурдатан Казакстанга тиешелүү болуп келгендигин жана ошого тиешелүү болуп кала бере турганын белгиледи. Сиз ушул КМШдагы менчик мамилелерин жөнгө салуу боюнча келишимдерди даярдаган адис катары кандай пикир айта аласыз?

-Ратификациядан өткөн келишим – келишим эмес. Бул бир тараптуу Кыргызстандын милдеттемеси болуп эсептелет. Анткени Казакстанда Ысыккөлдөгү курортук аймак барбы? Жок. Биздин Казакстандын аймагына куруп койгон курорттук объектилерибиз барбы? Жок. Ошон үчүн курорттук объекттерди Казакстандын менчигине акысыз берүүгө биздин милдетибиз жок. Бул объектилер Кыргызстандын өз менчиги.

Себеби СССР Совет министринин 1960-жылдан тартып чыккан мыйзамдык актыларына ылайык, курорттук объектилер Кыргызстандын балансына жана карамагына акысыз өткөрүлүп берилиши керек болчу. Андан тышкары 1970-жылы Ысыккөл бүткүл союздук маанидеги курорт болуп калбадыбы. Ошон үчүн бул аймактагы бүт курордук объектилер бүткүл союздук менчиктеги объектилер болуп эсептелет. Демек Союз тарагандан кийин бул Кыргызстандын дагы бир ирээт менчигиндеги объектилер болуп саналат.

-Демек эгемендик алгандан кийин бул объекттер Кыргызстандын өзүнүн менчигине өткөн турбайбы, туурабы?

-Ооба, биздин менчик болуп саналат. Ошону физикалык жагынан менчикке алуу жолун өкмөт 1992-жылдардан бери аткарбай келе жатпайбы. Азыркы тапта биздин ээлик укугубузду коргогон үч мыйзамдык шарт бар. Биринчиси – 1992-жылы 9-октябрда КМШ президенттери “Менчик укуктарды өз ара таануу жана аларды жөнгө салуу жөнүндө” келишимге кол коюшкан. Ушул келишимде Казакстанга ал пайдаланып турган курорттук объектилерди анын менчиги деп беришибиз керек болчу. Бирок биз ушул шарттуу болгон төртүнчү беренени келишимге кол коюу учурунда андан чыгарып таштап, доону четке какканбыз. Ошентип Казакстандын биздин аймактагы курорттук объектилерге мыйзамсыз укуктарын тааныбай турган шарттабыз.

Экинчиси – кыргыз парламенти 1994-жылы бул КМШ келишимин 4-беренеден тышкары деп дагы ратификациялаган. Үчүнчүсү – ушул парламент 1992-жылы 16-декабрда КМШ мамлекеттери пайдаланып турган курорттук объектилерди өз менчигибизге алуу жөнүндө токтом алган жана бул токтомду аткаруу үчүн өкмөткө жүктөгөн. Демек ушул үч мыйзамдык шарттар юридикалык күчүндө. Ошол себептүү 11-апрелдеги Жогорку Кеңеш кабыл алган Казакстанга пансионаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү ратификациясы мыйзамдарга карама-каршы келет жана аларга жатпайт.

-Казакстан тарап мурдагы биздин ратификацияланган мыйзамдарды таанышы мүмкүнбү?

-Казакстан тарап башынан бери эле өзүнүн доосун коюп келе жатат. Алар бул биздин менчигибиз, биздин акчабызга курулган, ошондуктан биздин менчигибизге өткөргүлө деп келе жатпайбы.

-Бирок баары бир талашып-бербей койгонго Кыргызстандын өзүнүн укугу бар турбайбы?

-Ооба, бул жерде Кыргызстандын өзүнүн толуктан-толук укугу бар. Алардын “биздин акчага курулган” деген сөзү дагы туура эмес. Себеби мурунку Союз убагында бул мамлекеттик-социалдык чегерүүлөрдүн негизинде ошонун акчасына курулган жана булар өз акчасына куруп бүткөндөн кийин, биздин жаратылыштык, курортук байлыктарыбызды пайдалангандыгы үчүн булар бизге аларды өткөрүп берип, андан кийин гана путевкаларды сатып алууга акылуу болгон.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG